Жылдыздардан лайфхак
24-баш оона, 2017-ж // //Сулуулук кээде айымдардан куулукту талап кылат. Ар кандай амалдар келбеттин жагымдуу болушуна жардам берет. Эмесе, ажардуу теле жылдыздар менен ырчылардын сулуулук сырларын ачабыз.
Нуржан Ташболот кызы, диктор:
– Эгер кирпикти узун жана калың кылып көрсөтүүчү тушь жок болсо, кадимки үбөлөнгөн упанын жардамы менен кыялдангандай кирпикке ээ болсо болот. Алгач кирпикти кадимкидей эле бир сыйра туштоо керек. Артынан үбөлөнгөн упаны атайын щётка менен кирпикке сүртүңүз. Эми экинчи ирет туштасаңыз, кирпиктин суюк экени билинбей, көлөмдүү көрүнүп калат.
Назми, ырчы:
– Подводка түгөнүп калган учурда көз боёгон кара карандашты отко аз убакыт кармап, андан соң подводка ордуна колдоно берсеңиз болот.
Назира Кадыева, алып баруучу:
– Тырмактагы лак көпкө сакталуусу үчүн алгач тырмагыңызга уксус сыйпап, андан кийин гана лак коюңуз.
Кенже Көбөкова, ырчы:
– Тушь катып калганда аны ыргытууга шашылбаңыз. Ысык сууга 5-7 мүнөт сала турсаңыз тушь жибип, кайрадан колдонууга жарап калат.
Мира Шүкүралиева, алып баруучу:
– Кирпик улатып жүргөндөн кийин табигый кирпиктер кошо түшүп, суюлуп кетет. Бул учурда туштун бошогон идишине Е менен А витамининен 5-6 тамчыдан тамчылатып, үстүнө кастор майын куюп аралаштырыңыз. Аны маал-маалы менен кирпикке сүртүп турсаңыз,кирпик азыктанып өсүп, мурдагы калыбына келет.
Кенже Дүйшеева, ырчы:
– Кара же кызыл түстөгү лактар менен боёп жүрүп өчүргөң соң, тырмак саргайып көзгө жагымсыз көрүнүп калат. Ал жагымсыз өңдү кетирүү үчүн лимонду жука кесип ар бир тырмакка жаап, сыртынан фольга менен ороп 5 мүнөт кармаңыз. Лимондун ордуна тиш пастасын сүйкөп жуусаңыз да болот.
Мээрим Карыпова, ырчы:
– Бетке безетки же башка кызыл бүртүктөр чыгып калганда сыкпоо керек. Көзгө тамызып колдонгон тамчылатма дарылардын биринен кебезге тамчылатып, аны муздаткычка 3-5 мүнөт кармаңыз. Аны менен маселе жараткан жерди басып койсоңуз, көп өтпөй кетип калат. Ушул эле маселеде кадимки тиш пастасын колдонсоңуз да болот.
Айгерим Расул кызы, ырчы:
– Чачты боёгон боёк кулагыңызга, мойнуңузга сүртүлүп, кетпей калышы мүмкүн. Аны кетирүү үчүн кадимки бет тазалаган тоник жардамга келет. Ал эми бул убарагерчиликтин алдын алуу үчүн чач боёрдун алдында чекеге, кулактын тегерегине, моюнга зайтун, өсүмдүк майын же бет май сүртүп алыңыз.
Гүлзат Карыбаева, диктор:
– Тырмакты лактардан мурда анын тегерегин зайтун же өсүмдүк майы менен майлап алыңыз. Ошондо сыртка чыгып кеткен лакты тазалоо оңой болот
Гүлнара Калдарова, ырчы:
– Чач катырган лактын жардамы менен баш теринин майлуулугун кетирсе болот. Ал үчүн лакты чачтын түбүнө сээп, кургаган соң чачтын түбүн тарап, жууп саласыз. Бул ыкманы бир айда бир жолу гана жасоо керек.
Асем Токтобекова, ырчы, актриса:
– Чачыңыз толкун сымал барпайып турушун кааласаңыз, чачты 7-8ге бөлүп өрүп, ар бир өрүмүн чач үтүгүн ысытып бекем басып чыгыңыз. Андан соң коё берсеңиз, чачыңыздын тармалы көпкө чейин жазылбай жүрөт
Булак: lady.kg