Ошто медреседе 12 жаштагы бала сабалып, реанимацияга түштү

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ош облусунун Ноокат районундагы Рауза атындагы медреседе 12 жаштагы бала сабалды.

Облустук милициядан билдиришкендей, 2022-жылдын 9-декабрь күнү Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө маалымат түшкөн. Анда Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагынын 12 жаштагы М.А. тургуну денесинен жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөндүгүн аймактык ооруканадан билдиришкен.

Аталган окуя маалыматтардын электрондук журналына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Ден соолукка оор залал келтирүү”) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө өспүрүмдүн денесиндеги жаракаттардын оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, 12 жаштагы М.А. денесинен оор жаракат алгандыгы аныкталган. Кылмыш ишинин жүрүшүндө күбөлөр суралган.

Ал эми Рауза атындагы медресенин тиешелүү уруксат кагаздары жок болгондуктан ал медресени жабуу боюнча тиешелүү мекемелерге сунуштар жиберилди.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 13 жаштагы К.К., М.Э., М.А., жана 12 жаштагы Э.А.нин кыймыл-аракеттеринде Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинде каралган кылмыштын курамы бар экендиги такталган. Бирок окуя болгон учурда жогорудагы жаш балдардын жаш курагы 13 жашта экендиги, Кылмыш-жаза кодексинин 28-беренесинин 2-бөлүмүндө кылмыш жасаганга чейин жашы 14кө толгон бала кылмыш жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш деп көрсөтүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө жогоруудагы жаш балдардын курагы 14 жашка толбогондуктан аталган кылмыш иши Кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пункту менен өндүрүштөн кыскартылган.

Ошол эле учурда кылмышка шектүүлөр атайын каттоого алынып, ата-энелерине Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 102-беренесинин 2-бөлүмүнүн (“Ата-энелик милдеттерден качуу”) негизинде кылмышка шектүүлөрдүн ата-энелерине айып пул салынган.

 

Аргумент.kg