
Сокулукта 23 жаштагы кыздын өлүмүнө иниси шектелип кармалды
31-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваСокулуктун Кашка-Баш айылында 23 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелип бир тууган иниси кармалды. Маалыматты Чүй ОИИББден билдиришти.
Такталгандай, 23-августта Соулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 2000-жылы туулган Д.М. аттуу кыздын жансыз денеси өзү жашаган үйдүн уктоочу бөлмөсүндө табылды деген билдирүү түшкөн. Анын башында жаракаттары бар экени айтылган.
Бул факты каттоого алынып, 122-берене («Киши өлтүрүү») менен кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары маркумдун бир тууган иниси — 2008-жылы туулган Ж.М. милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Окуя боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.
Булак: Аргумент кж