Сулуулук сынагынын катышуучулары акчалай сыйлыкка ээ болушту. Ал эми жеңүүчүсү Ысык-Көлгө 10 күндүк эс алуу жолдомосу менен сыйланды.
Биринчи курстун студенти Акдана Абыжалиева «Ош мамлекеттик университетинин сулуусу — 2017» сынагын жеңип алгандыгын Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Биринчи курстун студенти Акдана Абыжалиева «Ош мамлекеттик университетинин сулуусу — 2017» сынагын жеңип алды
Эң сулуу наамы үчүн ондон ашык кыз ат салышкан. Бир айга созулган тандоо турунан жети кыз финалга чыккан.
«Финалдык таймашта катышуучулар дефиле жана кече көйнөктөрү менен подиумда басышты. Ошондой эле алардын эрудициясы менен чыгармачылыктары бааланды. Калыстар тобу жеңишти педагогикалык факультеттин биринчи курсунун студенти Акдана Абыжалиевага ыйгарды», — деп айтылат маалыматта.
Баш байге катары Ысык-Көлгө он күндүк эс алуу жолдомосу берилди. Ал эми катышуучулар акчалай сыйлыктарга ээ болушту.
Булак: sputnik.kg