Маданият министрлигинин имаратын оңдоо үчүн 29 млн. сомго конкурс жарыяланды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн конкурс жарыяланды. Билдирүү Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган.
Оңдоодон өткөрүү иштерине 28 миллион 927 миң сомго бааланган. Конкурска катышууну каалаган курулуш компаниялары 15-сентябрга чейин Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгына кайрылса болот. .
Аргумент.kg