Дастан Сарыгулов: Жети ата өтмөйүн кыз алып, кыз берсең балдары майып болуп төрөлөт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бабаларыбыз илгери эле Күн, Ай, жылдыздар, жер менен бир бүтүндүктө болгонун жакшы билген экен. Бул зор билим эмей эмне! Мындай пикирин коомдук ишмер Дастан Сарыгулов билдирди.

— Союз убагында жетимиш жыл бою “кыргыз караңгы, билимсиз, маданиятсыз, мал менен жүрүп жапайы болуп калган түзүм эли, балет, симфонияны билбейт, араң XVI кылымда улут болуп калыптанган, бири бирин көрө албайт, ынтымагы жок” – деген саясат жүрүп олтуруп, кыргыз өзү да ошого ишенип, өзүн кем сезип, ким экенин билбей калган абалдан дагы эле чыга албай жатат окшойбуз… Ал эми чынында абал кандай?

— «Түпкү мекени Хакас жеринде Аксуу дарыясынын боюнда Каратоо аскаларга 50 миң жыл илгери бабаларыбыз чеккен жылдыздардын сүрөтү, 24 миң жыл илгери түзгөн ай календары, кыргыз илгери эле айдын, күндүн, жылдыздардын жерге берген таасирин билип, алдын ала жыл мезгилдерин баамдап жашаганы – улуу билим экенин палеоастрономия илими бүгүн белгилеп жатат.

Демек, бабаларыбыз илгери эле Күн, Ай, жылдыздар, жер менен бир бүтүндүктө болгонун жакшы билген экен. Бул зор билим эмей эмне!!! Үркөр, Тараза, Сумбула жылдыздар аркылуу бүгүн да кыргыз чарба иштерин жүргүзөт.

Адам, жан-жаныбарлар табият менен ажыратылгыс бир экенин ыйык туткан бабаларыбыз билимсиз, караңгы болуп калабы?!

Кекилик, чилдин уясындагы жумурткалардын санынан күз качан келип, кандай болоорун айткан билим билим эмеспи?

Теке, эчки качан күүгө киргенин байкап, жаз кандай болорун так айткан билим, билим эмеспи?

Дарыяны карап, башы мөңгү же булактан экенин айткан билим билим эмеспи? Жети ата өтмөйүн кыз алып, кыз берсең балдары майып болуп төрөлөрүн билгени билим эмеспи?

Адам болуп, адамча жашоону билип, аны турмушка ашырган билим билим эмеспи?

Жин ооруулулардын сырын билип, аларды элге кошуп алып жүрүү билим эмеспи? Табият менен эриш-аркак жашап, ага зыян келтирбей, аны булгабай жашоо билими бүгүн батыш өлкөлөрүндө барбы?

Кулчулук, феодал доорлорунан оолак болуп, элде социалдык теңдик, адилет, калыстык орнотуп, миң жылдар бою бузулбай ХХ кылымдын босогосун аттап, бүгүн эгемен мамлекеттүүлүккө жеткен эл маданиятсыз, ынтымагы жок, жапайы, билимсиз болуп калабы?!

Дүйнөдө биринчи жолу коло Алтайда жаралганын илим далилдеди. Жезге калай кошулганда коло болот. Европада, Кавказда, Египетте, Жакынкы Чыгышта, Россиянын батыш тарабында илгери да, бүгүн да калай кени жок. Демек, бул жерлерде коло пайда болушу мүмкүн эмес эле.

Бул жөнүндө 2009-жылы Түркияда өткөн эл аралык илимий конференцияда мен окуган докладда далилдүү жана талашсыз айтылган.

Манастагы саптар да муну ырастайт:

“Эр Манастын сыр найза,

учун соккон колодон.

Өткүр, бекем, курч кылып

Ичине болот сологон.

Сабын алган кайыңдан,

Сыртын каптап тарамыш,

Бир Теңирге сыйынган.

Чымын консо чыңк эткен,

Чырпык тийсе кадимки

Чагылгандай чарк эткен”.

Учун соккон колодон — деп, ачык эле айтылып жатпайбы!!! Бул билим эмей эмне? Кыргыз маданиятсыз, жапайы, билимсиз караңгы эл болсо, анда дүйнөдө теңдешсиз “Манас” эпосун жарата алат беле?!

Бабаларыбыз билимсиз, караңгы болсо Афанас, Андрон, Кара-Суу, Тоо-Кар, Таштык дөбө маданияттарын тарыхта калтыра алат беле?!

Биздин маегибиз илимий чөйрөгө эмес, калың окурмандарга багытталган соң, келтирилген маалымат жетиштүү болду го дейм. Мунун баарын илимий чечмелеп, ийне-жибине чейин мүнөздөп олтурсак бери дегенде 30 баракка да батпайт», — деди Сарыгулов.

Аргумент.kg