Биринчи таанышууда жигитке телефон номерин берүү керекпи же жокпу?

Кыздардын көбү биринчи таанышууда жигитке телефон номерин бербейт. Бергиси келип турса да, “жеңил ойлуу көрүнүп калам”,- деп баш тартат.

— Салам!

— Салам.

— Менин атым Алтынбек.

— Айжамал.

— Телефон номериңди алсам болобу?

— Жок.

— Макул.

Иий, кетип калды. Берип эле койбой…

Bilesinbi.kg бул маселе тууралуу психологдордун пикирин угуп көрдү

Тынчтыкбек Бакытов, психолог

Биринчи таанышууда жигитке телефон номерин берүү керекпи же жокпу – ар бир кыздын жеке чечими.

Биздин коомдо “биринчи таанышуу” жөнүндө стереотиптер көп: кыз сырдуу болот, аз сүйлөйт, жебейт, күлбөйт жана башка. Айрым учурда булар жашообузга терс таасирин тийгизип, чектеп, ыңгайсыздык жаратат.

Жигит жакса, аны менен сүйлөшүү ниетиң бар болсо, эмне үчүн телефон номериңди берүүгө болбосун. Адекваттуу адам муну эч качан жеңил ойлуулук катары кабыл албайт.

Эң маанилүүсү — бири-бирин сыйлоо, ишенүү жана түшүнүү.

Биринчи таанышууда номериңди бергиң келбесе, бербей эле кой. Сенин ар бир чечимиң туура болот.

Ильдар Акбутин, психолог

Таанышкысы келип жаткан жигит жакпаса, жөн гана баш тартып кой. Же жаныңа бир бош SIM карта алып жүр, сурагандарга ошону бересиң. Тескерисинче, жигиттин номерин алсаң да болот, кийин чаласыңбы же жокпу өзүң чечесиң.

Кыз жеңил ойлуу болуп көрүнгөндөн корксо, анда ал үчүн  башкалардын пикири маанилүү!

Биринчи кезекте “эл эмне дейт?” дебей, өзүңдүн каалоң жөнүндө ойлон!

БУЛАК: bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу