Үрмарал кенинин ачылышына каршы болгон айыл өкмөт башчысы кызматтан кетти

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Таласта Үрмарал кенинин ачылышына каршы болгон айыл өкмөт башчысы кызматтан кетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» Таластын Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылынын тургундары билдиришти.
— Жамалбек Орозбаев Үрмарал кенинин ачылышына караманча каршы болуп келген. Эми аны «камайбыз», «иш козготобуз» деп кызматтан кетүүгө арыз жазууга мажбурлашты. Мунун башында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү турат, — деди атын атагысы келбеген айылдык аксакал.
Ал эми Ак-Дөбө айыл аймагын эки жылга чукул башкарып келген Жамалбек Орозбаев кызматтан өз арызынын негизинде кеткенин, эч кандай кысым болбогонун айтууда. Ал 2-октябрда арыз жазганы маалым болду.
Таластын Бакай-Ата районундагы Үрмарал тоосунда жайгашкан кен казуу иштерине жергиликтүү эл нааразы болуп келет. Алтын кени калктуу конуштан жыйырма чакырым жерде жайгашкан.
«Кендин иши саламаттыкка зыян тийгизет» деп буга чейин жергиликтүү турундар митингге да чыгышкан. Учурда компаниянын жумушу убактылуу токтоп турат.
Булак: Азаттык

Аргумент.kg