Эгемендүүлүк күнүндө 11 миңден ашык милиция коомдук тартипти көзөмөлдөйт

30-августтан 1-сентябрга чейин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында ИИМдин өздүк курамы күчөтүлгөн режимде иштөөгө өтөт.

Министрликтен белгилешкендей, учурда жер-жерлерде саптык кароолор өткөрүлүп, анда милиция кызматкерлеринин сырткы келбети, кызматтык форманы белгиленген тартипте кийип жүрүүсү, кызматтык документтери текшерилип жатат.

Андан тышкары ар бир аймактарга жооптуу жетекчилер бекитилип, кызматкерлерге кызматтык милдетти так аткарып, жарандар менен сылык мамиледе болуп, мыйзамдуулукту сактоо боюнча нускамалар жеткирилип жатат.

Ал эми 31-августта 11 миңден ашык милиция кызматкерлери жогорулатылган тартипте иш алып барышат.

Булак: Аргумент кж 

Аргумент.kg