Бейшеналиев аны сындап жаткандарга жооп берди: «Колдонгон ыкмаларым орой экенин мойнума алам»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өзүн сындап жаткандарга министрликтин расмий баракчасы аркылуу жооп кайтарды.

Ал коомчулуктун кыжырдануусун түшүнүү менен кабыл аларын, бирок ошол эле учурда кооз сүйлөй албасын билдирген.

«Силер дагы мени түшүнгүлө. Кооз сүйлөй албайм. Медицина азыр мышык ыйларлык абалда. Же туура эмеспи? Бул жаатты медицинадагы ишкерлер менчиктештирип алганы жалганбы?» — деген ал.

Бейшеналиев аймактарда медиктер тартыш экенин, заманбап медициналык жабдуу жетпей, мамлекеттик лабораториялар иштебей турганына да токтолгон.

«Саламаттык сактоо системасынын башкармалыгына аткаминер катары эмес, практик катары келгем. Мен көп сүйлөп, аз иштегендерден эмесмин. Мен үчүн иш сөздөн да маанилүү. Колдонгон ыкмаларым орой экенин мойнума алам. Бирок, биздин медицинанын азыркы абалын көргөндө эмоцияны тизгиндөө кыйын. Ошол себептен кээде кармана албай калам. Мурдагыдай кооз отчётторду берип отура бергеним жакшы болмок беле?» — деген министр.

Ал Исманкуловдун клиникасына байланышкан чуу боюнча да үн каткан.

«Баары Бейшеналиев Исманкуловду кубалап жатканын көрдү. Бирок ага жеткирген негизги жагдайды ойлошкон да жок. Ал мамлекеттик мекеменин ичине, мамлекеттин акчасына коммерциялык оорукана ачып алган. Болгондо да ооруканалар жетишсиз болуп турган кырдаалда. Ушунча убактан бери бизнесин түптөп, карызынан кутулуп алуусу үчүн Исманкуловго эмне тоскоол болду? Жок, ал жогору жактын колдоосу менен жакшынакай эле иштеп, акча таап жаткан. Ага эч ким буйрук берген эмес», — деген министр.

Ошондой эле, министр жарандык коомду, жаштарды саламаттык сактоо системасынын абалын анализдеп чыгып, медицинаны жакшыртуу үчүн биригүүгө чакырган.

Аргумент.kg