“Сооронбай Жээнбеков камала турган убак алыс эмес”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Экс-президенттердин макамы алынса, Сооронбай Жээнбековго кандай жаза көрүлүшү мүмкүн? Же «бийликти колго алып» койгону ыраспы?..” деген собол таштадык.

Тимур Саралаев, активист:

— Бул мыйзамды бир саясый персона менен байлабай, кененирээк кароо керек. Учурдагы макамдар боюнча калыптанып калган шарттарды өзгөртүү демилгечилердин ою боюнча замандын жана саясый жагдайдын талабы болуп турат. Ал эми Сооронбай Жээнбеков боюнча айта турган болсок, ал кишиге карата салыштырмалуу башка президенттерге караганда коом тарабынан «татаал»  суроолор жок. Менин оюмча, бул өзгөрүүлөр кандай максатта колдунулары өзүнчө суроо.

Асел Кодуранова, коомдук ишмер:

— Экс-президенттердин макамы алынса, анда Сооронбай Жээнбековго иш козголот, бул турган иш. Себеби, көптөгөн мыйзамсыз иштерди жасаган. Анын ичинен Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамынан ажыратканы – бул аябай одоно мыйзам бузуунун далили. Ошон үчүн Сооронбай Жээнбеков акыры жүрүп жоопко тартылат. “Бийликти колго алып койгону ыраспы?” деп атпайсызбы, албетте, жең ичинен сүйлөшүүлөр болгон. Өз ара убадалашканы байкалып эле турат. Конституцияда жазылган боюнча бийликтен кетүү боюнча өзү арызын жазып берди. Мындай учурда мыйзам боюнча “экс-президент” деген макам берилбеш керек эле. Дагы бир жолу айтам, өз эрки менен кызматтан кеткен учурда кайсы гана президент болбосун “экс-президент” макамы ыйгарылбайт, мыйзам ага жол бербейт. Ошого карабастан азыркы бийлик берип салды. Бу жерде бийликти колго алып койгону айдан ачык эле көрүнүп атат, мен ушундай айтам.

Анарбек Усупбаев, коомдук ишмер:

— Досун саткан кишилерди эмне деш керек? Алмазбек Атамбаев иш жүзүндө Сооронбай Жээнбековду желкесинен кармап отуруп президент кылды да. Анан бийликке келип алып, досун түрмөгө отургузуп, ошончолук кордук көргөздү. Сокенин маселеси көп. Азыркы бийлик эки тизгин бир чылбырды колго алганда кандайдыр бир келишимге келсе керек, “сен бийликти бересиң, биз сага тийбейбиз” деген таризде. Бирок, бу бийлик бир күнү кетип, Сооронбай Жээнбековду камай турган убак келет. Аз калды. Чын-чынында Сооронбай бизди жыргаттыбы? Атамбаев жасаган иштердин баарын өлтүрдү. Ковидди ВОЗ менен атайын ымалашып туруп, ушу киши апкелди да, же андай эмеспи? Эми анысы жок эле жашап жатабыз го. Ошон үчүн токтоосуз түрдө камаш керек! Бийликте турган маалындагы жасаган иштерин тыкыр иликтеп, мыйзамдуу түрдө жооп бериши керек, башка жол жок.

Сурат Жылкычиев 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg