Кытайлык келин эки башка эркектен эгиз уул төрөдү…

Кытайлык аял эки башка эркектен эгиз уулдарды жарыкка алып келгенин The Daily Mail басылмасы жазды.

Балдар төрөлгөндөн кийин келиндин күйөөсү уулдардын бири таптакыр өзүнө окшошпой жатканын байкаган.

Кош бойлуу аял. Архив

Кийин анын күмөн саноосуна чекит коюу үчүн үй-бүлө балдардын ДНКсын текшертишкен. Жыйынтыгында келиндин күйөөсү чындап эле балдардын биринин гана атасы экени аныкталды. Мындан кийин келин боюна бүтөр алдында күйөөсүнүн көзүнө чөп салып, башка эркек менен бир түн өткөргөнүн мойнуна алган.

Адистердин айтымында, аялдын боюна эки эркектен бирдей бүтүп калышы суперфекундация деп аталат. Адамдарда бул 13 миң учурда бир жолу кездешүүчү көрүнүш.

БУЛАК:sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу