ЖК ЖЫЙЫНЫНДА БОЛГОНУ 36 ДЕПУТАТ ОТУРАТ

ЖК ЖЫЙЫНЫНДА БОЛГОНУ 36 ДЕПУТАТ ОТУРАТ

17-бугу, 2017-ж

Жогорку Кеңештин жыйынына болгону 36 депутат катышууда.
Эл өкулдөрү Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна добуш берүүнү кайрадан уюштуруу керектигин билдиришти. Себеби айрым депутаттар алар буга чейин кайсы мыйзам долбооруна добуш бергенин билбей, адашып калышканын айтышкан.
Бир топ талаш-тартыштан кийин жыйында канча депутат катышып жатканын билүү үчүн кайрадан каттоо жүргүзүлдү. Натыйжада ЖКнын жыйынында болгону 36 депутат бар экени белгилүү болду. Маселе эртеңкиге, 18-майга жылдырылды.
Булак: Каганат