Нарында электрдин наркына нааразы болгондор көчөгө чыкты

Жергиликтүү активисттер беш күндөн кийин дал эле ушул талап менен кайра чыгаарын айтып тарашты.

Бүгүн Нарын шаарында бир нече киши электр энергиясынын баасына нааразылыгын билдирип чыгышты. Алар кыш мезгилинде буга чейин айына 1000 киловатт деп каралган ченемди 2000 киловаттка жеткирүү талабын коюшууда. Энергохолдинг бул маселени 2018-жылы карай турганын билдирди.

Оор шартта жашап, электр жарыгынын кымбаттыгынан кыйналып жатканын айткан Нарын шаарынын жыйырмага жакын тургуну нааразылыгын билдиришти. Алар сууктун кесепетинен арга жок чыгып жаткандыктарын айтып, нааразылык акциясы экинчи жолу өтүп жатканы менен жыйынтык жок деп жатышат.

Жергиликтүү активисттер беш күндөн кийин дал эле ушул талап менен кайра чыгаарын айтып тарашты. Нааразылык акциясына чыккандар менен облус жетекчисинин орун басары Жаркын Ибраева жана Улуттук энергохолдингдин жетекчисинин орун басары Нурлан Садыков жолуккан.

Нурлан Садыков бул талаптар 2018-жылы каралып, ыгым-чыгымы толук эсептелгенден кийин, 1000 киловатты кошуп берүүгө болор-болбосу чечилет дейт.

«Эл деле чыккан жери жок. Он беш чамалуу киши келиптир. Ар кимиси ар башканы айтып жатышат. Алардын так талабы деле болгон жок. Бирок бир нерсени белгилеп кетким келет. Алар жөлөк катары берилген киловаттарды, дагы башка каражаттарды алып жатышат. Нарын областы боюнча коюлган лимиттен деле ашык колдонуп жиберген кардарлар аз. Муну такталган сандар жана анализге таянып айтып жатабыз. Эми коюлган талаптар боюнча 2018-жылы узак мөөнөткө бааларды бекиткенде баардык шарттарды эске алып карап чыгабыз»,-дейт Улуттук энергохолдингдин жетекчисинин орун басары Нурлан Садыков.

Жергиликтүү активист Эркин Асаналиев

Жергиликтүү активист Эркин Асаналиев

Бирок жергиликтүү активист Эркин Асаналиев энергохолдингдин өкүлү баа саясаты жана ортомчу компаниялар тууралуу элдин суроосуна жооп берүүдөн баш тартканын айтып чыкты. Ал ошондой эле так аныкталган бир гана талап коюлду деп жатат.

«Беш күн убакыт бердик. Биз активдүү жарандар дагы чогулабыз. Тийиштүү органдар келип, маселебизди чечип берсин. Биздин бир эле талабыбыз менен көйгөйүбүз свет маселеси. Башка максатта эч ким келген жок жана андайларды жолотпойбуз дагы. Мурда суу жок деп светтин баасы кымбаттады эле ага түшүнсөк болот. Азыр суу менен кар жерге сууга батпай жатат. Баада болсо өзгөрүү жок»,-дейт нарындык активист Эркин Асаналиев.

Талаш жараткан маселе боюнча облус жетекчиси өкмөткө атайын кат менен кайрылганын айтып келе жатат. Буга чейин болгон нааразылык акциясында электр энергиясы эле эмес көмүр тартыштыгы да көйгөй жаратып, маселе парламентте да талкууланган эле.

Облус бийлиги нааразылыкка чыккандардын негиздүү делген баардык талаптарын тиешелүү жактарга жеткирип жаткандыгын айтат.

«Бүгүнкүдөй талаптарга быйылкы өзгөчө суук түрткү болду окшойт. Болбосо тарифтер буга чейин эле аныкталып бекитилген да. Биз буга чейин кыштын кыраан чилдесинде нааразылыкка чыккандарга маселени түшүндүргөнбүз. Алар жооп алгандан кийин унчукпай калышкан. Азыр башка экинчи тарап маселени кайрадан көтөрүп жатышат. Биз деле Улуттук энергохолдинг ушундай региондордун абалын дагы карап көрүшөт го деп үмүт кылып атабыз. Мүмкүн өзгөчө суук айларды эске алса деп турабыз»,-дейт облус жетекчисинин орун басары Жаркын Ибраева.

Ал ошондой эле облус жетекчиси Ак-Сай өрөөнүндөгү кыштоолордо кабарсыз калган 47 үй-бүлөлөргө кечээ күнү кеткен боюнча дагы деле жолдо экенидигин кошумчалады. Ошондой эле бир күн мурда Ат-Башы районунун Жаңы-Күч айылынан мал издеп чыкан бир кишини кар көчкү алып, сөөгү табылган эле.

Би-Би-Си кечээки уктуруубузда дагы Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана облус жетекчиси Аманбай Кайыпов дарыгерлердин тобу менен кыштоодо камалып калган малчыларга жардам алып бара жатканын кабарлаганбыз. 14-мартка чейин калың жааган кардан кийин элүүдөн ашык үй-бүлө менен байланыш үзүлгөн. Азырынча майда-чоңу аралаш 15 миңге жакын мал-жаны менен калган 47 үй-бүлө менен толук байланыш боло элек.

Булак: «bbc.com»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу