Азамат Сарыбаев: Автор кандай нотада жазып калтырган болсо, ошондой кылып бузбай ырдашса дейт элем

Коңур үндүү ырчы, көптөгөн фестивальдардын катышуучусу жана жеңүүчүсү, бактылуу үй-бүлөөнүн ээси, баарыбызга белгилүү болгон эски ырларды эскиртпей крыгыз элине тартуулап келген Азамат Сарыбаев менен маек курдук.

— Учурда эмне менен алектенип жатасыз?

— Азыркы тапта Т.Сатылганов атындагы филармонияда солист болуп иштеп жаткан чагым. Эс алуу күндөрү бүтүп жаңы жумушка чыктык, учурда көчмөндөр оюнуна кызуу даярдыктар болуп жатат.

— Жайдын акыркы күндөрүндө кандай эс алып жатасыз?

— Кереметүү Ысык-Көлүбүзгө барып эс алып келдим. Андан кийин Туркиянын Бурса шаарында өткөн чоң фестивальга катышып келдим.

Image result for Азамат Сарыбаев

— Ыр тандоодо ким менени акылдашасыз?

— Ыр тандоодо обончу, композитор жана акындардан кеңеш алам. Көбүнчө жубайым менен көбүрөөк акылдашам, себеби ал дагы ырларды жакшы түшүнөт.

— Көбүнчө ырдын сөзүнөбү же обонуна маани бересизби?

— Мурун ырдын обонуна көп маани берчүмүн, азыр сөзүнө көбүрөөк басым жасап калдым. Негизи ырдын обону менен сөзү бири-бирине айкалышып туруу керек. Ошондуктан экөөнө тең терең маани бергенге аракет жасайм.

— Кантип ырчылык кесипти аркалап калдыңыз?

— Ырчылык кесипти бала кезимен эле ыр ырдаганга шыктуу болуп тандап келе жатам. Мектепте окуп жүргөн чакта эле көптөгөн конкурс фестивальдарга катышып, көптөгөн сыйлыктардын ээси аталып жеңүүчү болуп жүрдүм.

— Ырчы болуп калганыңызга өкүнбойсүзбү?

— Өкүнбөйм деп айтсам болот, анткени бул кесип менин бала кезимен жактырып тандаган кесибим демекчимин.

— Ошондо сиз бала кезиңизден эле ырга жакын турбайсызбы ээ.

— Ооба, кичинемден эле ырга жакын болчумун. Апам айтып калат, баса элек кезиңде эле теледен музыка чыкса, отуруп алып бийлеп калчусуң деп. Үч жашымдан баштап эле малыш деген кичинекей аккордеон ойноп, андан кийин комуз чертип баштадым. Кыязы ошондо эле келечекте ырчы болуп калаарым белгилүү болгон окшойт.

— Сиздин репертуарыңызда жалпы канча ырыңыз бар?

— Репертуарымда отуздан ашык ырлар бар.

Image result for Азамат Сарыбаев

— Башында айтып кеткендей Туркиянын Бурса шаарына барып чоң фестивальга катыштым дедиңиз. Бул фестивальга кандай максатта катыштыңыз? Деги эле фестиваль өзү кандай өттү?

— Биринчи Бурса шаарында ачылышы болду. Андан кийин Келес деген районунда биздин Кырчын жайлообуз сыяктуу кооз жайлоосу бар экен, ошол жерде болду. Бул фестивальга бизге чакыруу келип, чакыруунун негизинде катышып калдым. Фестивальга Өзбекстан, Казакстан, Туркиядагы Вандык кыргыздар да келишти. Фестиваль абдан чоң деңгээлде өттү. Биздин ырчы, бийчи, дизайнерлер жана каскадер балдар барып өнөрлөрүбүздү жалпы түрк элине тартуулап келдик.

— Жакынкы аралыкта репертуарыңызга кандай жаңы ырларды кошкон жатасыз?

— Репертуарыма Ж.Шералиевдин “Кыргыз жайлоосу” деген ырын жаздырып клип тарттырдым жакында көрүп каласыздар. Анан өзүм дагы жаңы обон жаздым, сөзүн акын Жыпара Исабаева эжем жазып берди. Бул чыгарма “Досторум” деген темада, бул ырым дагы жакынкы аралыкта жарыкка чыгат.

— Үй-бүлөңүз тууралуу кеп салсаңыз?

— Үй-бүлөм тууралуу айтсам, келинчегим медицина тармагында иштейт. Үч балам бар, улуусу кыз, андан кийин эки балам бар. Үчөө тең абдан музыкага шыктуу. Улуу кызым кичинекейинен бери ырдап, музыка чөйрөсүнө аралашып келе жатат. Андан кийинки уулум дагы абдан жакшы ырдайт, мектептердеги сынактарга, фестиваль, концерттерге сөзссүз катышат. Кичүүсү дагы үч жаштан өтүп калды, бала бакчага барат, ал жактан дагы комузун көтөрүп алып ырдап, ал дагы шыктуу деп айтсам болот.

— Эмесе сиздин сахнага чыкканда костюмдарыңызды өзүңүз тандап киесизби же дизайнердин жардамы менен тандайсызбы?

— Көбүнчө костюмдарды магазинден эле тандап алам. Ал эми улуттук кийимдерди албетте, дизайнер же кийим тиккен адамдар менен кеңешип тиктирем.

— Жашоодогу утканыңыз жана уттурганыңыз?

— Жашоодогу утканым мектепти аяктагандан кийин эле дароо музыкалык окуу жайларды учурунда окуп билим алганым. Биринчи Т.Сатылганов атындагы улуттук Филармонияда 2 жылдык студия, андан кийин Консерваторияны бүтүрдүм. Уттурганым убакыт деп ойлойм. Анткени буга чейин деле көптөгөн ырларды жаратсам болмок.

— Негизи бир ырга клип тартуу үчүн канча акча сарпталат?

— Бир ырга клип тартканга ар кандай акча сарпталат. Ал клиптин мазмунуна жараша болсо 500&дан 3000&га чейин жетет.

— Азыркы учурда шоу бизнестеги ырчылар эски ырларды жаңыча ырдап жатышпайбы. Ошого сиздин оюңуз кандай?

— Эми эски ырлар боюнча айтсам, чындыгында көптөгөн ырчылар ырдап жатышат. Кээ бирлери жакшы деңгээлде аткарып чыгышса, кээ бири обондорун дагы туура эмес кылып бузуп коюп жатышат. Албетте ырдай беришсин, эч ким аларды ырдаба дебейт, бирок автор кандай нотада жазып калтырган болсо ошондой кылып бузбай ырдаса дейт элем. Биздин максатыбыз кийинки ырчыларга дагы түз жеткириш керек. Мисалы азыр бузуп ырдап коюшса, андан кийинки өсүп келе жаткан ырчылар да ошону туурап, бузуп ырдап коюшу мүмкүн.

— Жашооңузда чыгармачылыктан алыстайм деп ойлодуңуз беле?

— Андай ой оюма да келген эмес. Чыгармачылыкка бала кезден бери жакын болгондуктан бул тармактан алыстайм деп ойлобойм. Буюрса, өмүр бою эле чыгармачылык менен иштейм деп айта алам. Эми биздин колдон башка нерсе келбейт да. Бизден кийинки жаштарга мугалим болуп, улуу агайларыбыз берген билимди бөлүшүп тартууласам деген ойдо келем.

Булак: Тамчы 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу