Улуу Британияда соттун чечими менен бейтаптын буту кесилмей болду

Ишти карап чыккан сот бейтап өзүнө кандай жардам керектигин чече албай турганын жана акылы жагынан мандем бар деген өкүм чыгарган.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Улуу Британияда сот бутун кестирбейм деген бейтаптын өтүнүчүн четке кагып, дарыгерлердин арызын канаттандырганын The Independent басылмасы жазды.

Таттуу кебез саткан киши. Архивдик сүрөт © AFP 2018 / MOHAMED EL-SHAHED АКШ тургуну таттуу кебез үчүн камалганын айтып полицияны сотко берди

Ага ылайык, эркек киши буту ириңдеп ден соолугуна коркунуч туудурганына карабай аны кестирип салуудан баш тарткан. Британиянын мыйзамдарына ылайык, дарыгерлер бейтаптын макулдугу жок ага медициналык жардам көрсөтө алышпайт.Андыктан оорукананын жетекчилиги сотко кайрылган. Ишти карап чыккан сот бейтап өзүнө кандай жардам керектигин чече албай турганын жана акылы жагынан мандем бар деген өкүм чыгарган. Ошентип дарыгерлердин арызы канааттандырылып, оорулуу кишинин буту кесилмей болду.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу