Токмок шаарынын мэрин кармоо учурундагы сүрөттөр тарады

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев кармалганы тууралуу УКМК маалымат берип, аны кармоо учурундагы сүрөттөрдү таратты.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөшүүнүн алкагында Токмок шаарынын мэри У.Самаевдин «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экендиги аныкталды.

Тактап айтканда, Токмок шаарындагы жеке үйлөрдүн борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулуу фактысы боюнча, андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү ага берилип турган.

2023-жылдын 17-апрелинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Токмок шаарынын мэри кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Аргумент.kg