Ош шаарында 17 жаштагы кыз турникке асынып каза болду

Ош шаарында 17 жаштагы кыз турникке асынып каза болду

22-кулжа, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Ош шаарында 17 жаштагы кыз асынып каза болду. Маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, окуя 20-июндан 21-июнга караган түнү саат 3:00дөр чамасында катталган.

“2004-жылы туулган кыздын сөөгү Оштогу окуу жайлардын биринде жайгашкан спорттук аянтчадагы турникте асынып турган абалда табылды. Окуя Ош шаардык ички иштер башкармалыгында катталып, тергөө иштери жүрүп жатат. Ата-энеси кызынын сөөгүн соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышты” деп билдиришти маалымат кызматынан.

“Супер кж”