Жалал-Абад шайлоосунан чоң чыр чыкты…

Жалал-Абад шайлоосунан чоң чыр чыкты…

08-кулжа, 2017-ж // //

Сандар чатагы
Үстүбүздөгү жылдын 28-майында өлкөбүздүн бир катар шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өткөнү белгилүү. Анын катарында ЖалалАбад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо жараяны да болуп өтүп, КСДП, “Өнүгүү Прогресс”, “АтаЖурт”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан”, “Республика” партиялары женишке жетишкен. Алдынала мандат бөлүштүрүүдө “Өнүгүү” 9, КСДП 8, “АтаЖурт” 4, “Мекеним Кыргызстан” 4, “Кыргызстан” менен “Республика” 3төн орунга ээ болушкан. Бирок, мандат бөлүштүрүү тартибине олуттуу өзгөртүү киргизе турган да жагдай орун алды: шаардагы № 1кесиптик лицейдин имаратында жайгашкан 2098 шайлоо участкасында ачыктан ачык эле көз боемочулук фактысы катталып, бул өз учурунда чоң чатактын чыгышына түрткү болду.
Аталган шайлоо участкасында 1742 шайлоочу катталган. Шайлоого идентификацияланып (өздүгү такталган) катышкандардын саны 1171ди түзгөн. Бирок, урнадан белгисиз себептерге байланыштуу 3 бюллетень ашыкча табылган да, добуш берүүгө катышкандардын саны 1174тү түзгөн. Өздүгү такталган адамдар канча болду жана шайлоодо колдонулган бююлетендердин саны көрсөтүлгөн протоколдордо участкалык комиссиянын мөөрү коюлуп, 3 бюллетень мыйзамсыз берилип кеткени тастыкталып турат.
Мыйзамда добуш берүү тартиби так көрсөтүлгөн: алгач шайлоочунун өздүгү такталып, ага тийешелүү чек берилет, мына ошол чекти алып барып гана ал бююлетень алып, добуш берүү жүргүзөт. Ошол эле “Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамынын 36беренесинин 7пунктунда мындай деп айтылат:
“Добуш берүү үчүн ящиктерден алып чыгылган шайлоо бюллетендеринин саны шайлоо участогунда шайлоочуларга берилген бюллетендердин санына дал келүүсү же болбосо андан аз болууга тийиш. Эгерде добуш берүү үчүн ящикте шайлоо бюллетендеринин саны шайлоочуларга берилген бюллетендердин санынан көп болсо, анда участкалык шайлоо комиссиясы себептерин табуу жана четтетүү боюнча чараларды көрөт.
Эгерде себептери табылгандан жана четтетилгенден кийин добуш берүү үчүн ящиктеги шайлоо бюллетендеринин саны шайлоочуларга берилген бюллетендердин санынан көп болсо, добуш берүү үчүн ящиктеги бардык шайлоо бюллетендери участкалык шайлоо комиссиясынын чечими менен жараксыз деп таанылат жана төмөнкү жаккы оң бурчун кесүү жолу менен жокко чыгарылат”.
Башкача айтканда, мыйзам талабына ылайык, аталган участкадагы шайлоо жыйынтыктары жокко чыгарылышы керек. Ушул эле мыйзамдын талаптарына ылайык, шайлоонун жалпы жыйынтыгы калган натыйжалардын негизинде чыгарылуусу тийиш.
Ичтен иритме интригалар БШКда да бар
Апта башында жогорудагы жагдайдан улам, БШК мүчөлөрү Назарали Арипов жана Атыр Абдырахматованын сунушу менен, аталган шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары талкууга алынды. Алар бардык бюллетендерди кайрадан санап чыгып, эгер жогорудагы фактылар аныктала турган болсо, конкреттүү 2098 участкасындагы шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу керектигин белгилешкен. Чынында, абдан орундуу көтөрүлгөн маселе. Мыйзам бирөө эле, аны ар кандай бурмалап, будамайлаганга жол бербеш керек.
Эсиңиздедир, мындан мурда өлкө президенти Алмазбек Атамбаев жаңы шайлоо технологиясын мактап, таза шайлоо өткөзүү зарылчылыгына токтолуп, мыйзам талаптарын сактоо менен гана буга жетише аларыбызды баса белгилеп айткан. Ошол эле кезде, биздин гезит жергиликтүү кеңеш шайлоолору тууралуу жазып, ал күзүндө өтө турган президенттик шайлоо алдында башкы репитицияга айлана баштаганына көңүл бурганбыз. Бийлик партиясы ар кандай арам жолдор менен женишке жетүүгө аракет жасап жатканына токтолгонбуз. Ырасында, биздин божомол төп келип турат. Жогорудагыдай ашыкча бююлетень киргизип жиберүү амалы бир гана ЖалалАбадда болгон окуя эмес.
Эми ушундай көз боёмочулук президенттик шайлоодо, жалпы республика боюнча колдонула турган болсо – эмне болот? Он миңдеген бюллетень болуп өсүп чыгат да, шайлоо жыйынтыгына олутту таасир тийгизет. Дал ошондуктан да, Жалал-Абад шаарындагы бир участоктон чыккан ашыкча 3 бюллетень чыры кандай болуп бүтөт, баарыбыз үчүн маанилүү жагдай – андан биз ажо жарыш таза өтөбү жокпу, билсек болот. Эми БШКнын жыйынына кайтып келсек. 2098 участкасында мыйзам бузуулар орун алганын БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова да ачык айткан, буга анын Арипов менен Абдырахматованын сунушун колдоп добуш бергени да далил. Бул үчөөнөн тышкары бул маселени Г.Джурабаева менен Е.Жылкычиева да колдогон. А бирок, калган 6 БШК мүчөсү каршы добуш берүү менен мыйзам бузууга көз жумду мамиле жаралган.
Булак: “Майдан”