Ардагер балбан Умурзаков дүйнө чемпионатында коло байге утту

Кыргызстандык Исломидин Умурзаков ушул күндөрү Орусиянын Пермь шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болду.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 5-октябрда Умурзаков 41 жаштан 45 жашка чейинкилер арасында 70 килограмм салмакта килемге чыкты. Ал алгач орусиялык Алексей Архангельскийди жеңип (4:4), чейрек финалда дагы бир орус балбаны Александр Борисовго жеңилди ( А.Борисов — И.Умурзаков 10:1:). Борисов финалдык таймашка чыккандыктан Умурзаков жооткотуучу беттеште орусиялык Александр Кучеровду таза утуп (9:0), коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. 3-орун үчүн Андрей Толстов менен күрөшүп, 3:0 эсебинде жеңишке жетип, коло медаль тагынды.

Бул күнү ушул эле жаш куракта 78 килограммга чейинки салмакта Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов коло байге үчүн таймашта орусиялык Павел Куриленкого жеңилди (П.Куриленко – Т.Икрамов 3:1).

Тазабек Икрамов жана Павел Куриленко коло байге үчүн таймаштан кийин. 5-октябрь, 2018-жыл. Пермь, Орусия. Тазабек Икрамов жана Павел Куриленко коло байге үчүн таймаштан кийин. 5-октябрь, 2018-жыл. Пермь, Орусия.

Икрамов коло байге үчүн таймашка чейин эки беттеш өткөрдү. Алгач квалификациялык беттеште түрк балбаны Ондер Озгул килемге чыкпагандыгына байланыштуу жеңиш кыргызстандыктын пайдасына ыйгарылган. Чейрек финалда швециялык Йохан Михаел Себастьян Хедбергге жеңилди (Й.Хеддберг – Т.Икрамов 6:2). Швециялык ардагер спортчу финалдык беттешке чыккандыктан Икрамов жооткотуучу таймашта индиялык Вишал Ашуну жеңип, коло байге үчүн күч сынашууга мүмкүнчүлүк алган эле

Орусиянын Пермь шаарында 5-октябрда башталган грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионаты 7-октябрга чейин уланат. Таймаштар беш категорияда өтүп жатат (А. 35-40 жаш, В. 41-45 жаш, С. 46-50 жаш, D. 51-55 жаш, E. 56-60 жаш).

Кыргызстандан жалпысынан төрт балбан катышат. 6-октябрда 51-55 жаштагылар арасында 100 килограммга чейинки салмакта Олег Ким, 7-октябрда 35-40 жаштагылардан 70 килограмм салмакта Канат Шабданбаев күрөшөт.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу