Илмиянов менен «Дизел комплекттин» сырдуу байланышы

«Азаттык» Икрамжан Илмияновго «демөөрчүлүк жардам иретинде ири суммадагы акча берген» деген «Дизел комплект» компаниясы жана козголгон кылмыш иштеринин чоо-жайын иликтеп чыкты.

Икрамжан Илмияновдун ири суммадагы акчаны алганы тууралуу «Дизел комплект» компаниясы УКМКга арызданганы белгилүү болду. Былтыр Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) бул фирманын өзүнө кылмыш ишин козгогон, бирок ал жабылып калган.

Кылмыш ишин УКМК быйыл жазында кайра жанданткан.​

«Дизел комплект», чуулгандуу жүк

Былтыр жайында «Азаттык» «Аламүдүн» темир жол бекетинен аткезчилик жол менен алынып келди” деген, ири өлчөмдөгү «БелАз» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаалар кармалганын иликтеп жазган.

37 вагондо турган бул жүктүн баасы миллиондогон долларды чапчыйт деп эсептелген.

Финполиция «тергөө кызыкчылыгына каршы келет» деген жүйө менен бул факты боюнча маалымат берүүдөн ошондо эле баш тарткан.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз өкүлү Эркин Кайымов жүк кылмыш ишинин негизинде камакка алынганын ырастаган:

— “Салык төлөөдөн качуу» деген берене менен кылмыш иши козголгонун айтышты. Ошол жүктүн баары камакка алынды. Компаниянын атын азыр унутуп калдым. «Дизел…» болсо керек эле.

«Азаттык» камакка алынган жүктүн ээси «Дизел комплект» компаниясы болушу мүмкүн экенин жазган болчу.

УКМКнын басма сөз өкүлү Рахат Сулайманов «Дизел комплект» ишканасына былтыр Финполиция кылмыш ишин козгогонун, бирок ал жабылып калганын ырастады. Анын маалыматына караганда, бул кылмыш ишин тергөө быйыл жазында кайра жанданды.

Рахат Сулайманов. Рахат Сулайманов.

— Быйыл жазында «Дизел комплект» боюнча жабылган, токтотулган кылмыш ишинин алкагында кайра кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш ишин тергөө УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына берилген. Учурда «Дизел комплект» боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө уланып жатат. Мындан башка чоо-жайын айта албайбыз.

«Азаттык» «Дизел комплектке» байланыштуу айрым соттук материалдарды тапты.

Ага ылайык, Бишкектеги Биринчи май райондук соту 12-апрелде УКМКнын Э. Майлыбаев аттуу тергөөчүсүнүн «Дизел комплект» жана «Автотрейд» компанияларынын “Бишкек” эркин экономикалык аймагындагы кеңселеринен каржылык жана башка бардык документтерди алуу тууралуу өтүнүчүн канааттандырган.

Ошондой эле сот компаниянын мүлкүн, эсебин да камакка алууга, импорт-экспорт менен байланышкан иш-аракеттерди жүргүзүүгө да тыюу салууга макулдук берген. Компаниянын өкүлдөрү буга байланыштуу соттун жогорку инстанцияларына кайрылганы менен доо арыздардын баары четке кагылган.

Бул сот жараяндарында адвокат Владимир Лесниченко «Дизел комплекттин» өкүлү болгон. Биз Лесниченко менен байланышып, кылмыш иштери, сотто каралган арыздар, “Икрамжан Илмияновго берилди” деген акча тууралуу сурадык. Ал Икрамжан Илмиянов тууралуу билбей турганын айтты жана купуялуулукка шылтап, кылмыш иши, компаниянын жетекчилери тууралуу маалымат берген жок:

— Биз «Дизел комплекттин» ишеним катынын негизинде алардын айрым бир сот иштериндеги өкүлүбүз. Алардын адвокаты эмеспиз. Ал жерде көп эле жагдайлар болгон, ошондуктан баарын айта албай турам. Сиз бул тууралуу кайдан билдиңиз? Сизге ким маалымат берди? Буга чейинки сот материалдарын таптыңызбы? Бул иштер боюнча азырынча кандайдыр кескин иш-аракеттер жок экенин айта алам. Мен Икрамжан Илмиянов ким экенин тааныбайм. Ал боюнча биринчи сизден угуп жатам. Мен компанияга козголгон кылмыш иши, компаниянын жетекчилери тууралуу маалымат бере албайм, бул жашыруун маалыматтар.

Юстиция министрлигиндеги маалымат боюнча, «Дизел комплект» жоопкерчилиги чектелген коому 2016-жылы апрелде кайра каттоодон өткөн. Анын ишмердиги катары «адистештирилбеген дүң соода», ал эми дареги катары “Бишкек” эркин экономикалык аймагы көрсөтүлгөн.

Компаниянын жетекчиси Грамович Николай Викторович, ал эми негиздөөчүсү Оганянц Грант Рафаэлович экени жазылган. Интернеттеги айрым маалыматтарга караганда, бул экөө тең Кыргызстандын жарандары эмес.

Компаниянын расмий сайтындагы маалыматтарга караганда, ал «БелАЗ», «МАЗ», «Силовые агрегаты — Группа ГАЗ» жана башка компаниялардын расмий дилери жана негизинен оор жүк ташуучу автоунааларды жана ар кандай техника, жабдуу алып келип сатуу менен алектенет. Товар негизинен Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга жөнөтүлөт.

Саясий чөйрөдөгү булактардан алынган, азырынча тактала элек маалыматка караганда, УКМКга Илмияновдун акча алганы боюнча «Дизел комплекттин» Айгүл аттуу өкүлү арызданган. Ал булактардын айтымында, Илмиянов аларга козголгон кылмыш ишинин жабылышына жардам берген.

Купуя кылмыш иштери

Биз «Дизел комплекттин» жетекчилери, өкүлдөрү менен байланышып, мындай маалыматтарды тактаганга аракет кылдык. Расмий сайтында жазылган эки телефон номердин бирөө иштебей турганы маалым болду. Экинчи номердеги адамдан «Дизел комплект» компаниясына тиешеси жок экени тууралуу жооп уктук.

Бирок кызыгы, мындан көп өтпөй эле бейтааныш номерден өзүн «Дизел комплекттин» башкаруусу катары тааныштырган айым байланышты. Бирок ал өз аты-жөнүн атоодон, компания, ага козголгон кылмыш иштери, Икрамжан Илмияновго байланыштуу жазылган арыз тууралуу айтып берүүдөн караманча баш тартты:

Мен компаниянын башкаруучусумун. Бирок ооруп жатам.

— Саламатсызбы? Сиз «Дизел комплектти» издеп жатасызбы? Мен сизди угуп жатам. Мен азыр телефондон сүйлөшө албайм. Ооруп жатам. Сиз эч ким менен сүйлөшө албайсыз. Мен компаниянын башкаруучусумун. Бирок ооруп жатам. Телефондон сүйлөшө албайм. Менин атым Айгүл эмес. Эгерде компаниянын башка өкүлдөрүн таппай жатсаңыз, анда бул сиздин проблемаңыз. УКМКга мен арыз жазган эмесмин. Менин да жетекчилерим бар. Мен эч кимдин телефонун бере албайм.

Эми айрым бир кызык жагдайлар тууралуу сөз кылалы.

«Дизел комплект» компаниясына козголгон кылмыш ишин жана алардан ири өлчөмдө акча алган деп камакта отурган Икрамжан Илмияновдун кылмыш ишин учурда УКМКнын Э. Майлыбаев аттуу тергөөчүсү иликтеп жатат.

Тергөөдө материалдарына ылайык, «Дизел комплект» Илмияновго 150 миң долларды, башкача айтканда 10 миллион сомдон ашык акчаны былтыр 8-августта берген.

«Ачык бюджет» порталындагы маалымат.

Финансы министрлигинин «Ачык бюджет» порталындагы маалымат боюнча, «Дизел комплект» 2013-жылдан ушул кезге чейин 18 миллион сом салык төлөгөн. Анын басымдуу, негизги бөлүгүн, тактап айтканда 17 миллион сомго жакын акчаны кошумча нарк салыгы катары былтыр 7-августта, тактап айтканда “Илмияновго 150 миң доллар «демөөрчүлүк жардам» катары берилди” дегенден туура бир күн мурда которгон.

«Дизел комплекттин» кеңсеси былтыртан бери жабык турат

«Дизел комплект» тууралуу “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын аткаруучу директору Мирадил Бакашев «Азаттыкка» учкай айтып берди. Ал бышыктагандай, аталган компанияга кылмыш иши былтыр жыл башында козголгон жана ошондон бери кеңсеси жабык турат:

— «Дизел комлект» компаниясы 2006-жылы февраль айында Юстиция министрлигинде каттоодон өткөн. Андан кийин “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын субъектиси катары макам алган жана 2006-жылдан бери иш жүргүзүп келген. Өкмөттүн эркин аймактар тууралуу жобосу боюнча бул жерде иштеп жаткан субъектилер өндүрүш, тейлөө жана кызмат көрсөтүү, соода-сатык деген үч түрлүү иш жүргүзө алат. «Дизел комплекттин» ишмердиги кызмат көрсөтүү болгон. Булардын өздөрүнүн СЭЗде курган жайы болгон эмес, бул жердеги курулган, даяр имаратты ижарага алышкан. Бүгүнкү күндө ал имарат 2017-жылдан бери жабылып турат. 2016-жылы февраль айында аларга Финполиция кылмыш ишин козгогон. Бүгүнкү күндө да тергөө амалдары жүрүп жатат. Азыр ал жерде эч ким жок.

Буларды эркин экономикалык аймактан кетти деп айта албайбыз. Биздеги субъектилердин катарынан чыгышы үчүн алар өздөрү арыз жазышы керек.Алар арыз жазышкан эмес. Бүгүнкү күндө субъект катары бизде каттоодо турат.

«Дизел комплект» компаниясы Икрамжан Илмияновго ири суммадагы акча бергени тууралуу маалымат УКМКнын тергөөчүсү менен КСДП партиясынын кат алышуусунан улам белгилүү болгон.

Аталган партия ушул жуманын башында «УКМКнын Э. Майлыбаев аттуу тергөөчүсүнөн келди» деген, мөөнөтү 24-октябрь экени көрсөтүлгөн расмий катты жарыялаган.

Анда «2017-жылы 8-августта штабдын башчысынын орун басары Икрамжан Илмиянов «Дизел комплект» аттуу компаниянын өкүлдөрүнөн 150 миң долларды «демөөрчүлүк жардам» катары алганы тергөөдө аныкталды» деп айтылган. Ушундан улам КСДПнын эсебине ушунча акча түшкөн-түшпөгөнүн тактоо боюнча суроо берилген.

КСДП болсо партия былтыркы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековду сүрөгөнүн, шайлоого байланыштуу бардык маселелерди, анын ичинде каржылык иштерди президенттикке талапкер жана анын штабы чечкенин билдирген.

КСДП штабга жана шайлоо фондуна эч кандай тиешеси жок экенин, акча албаганын белгилеген. Партия тергөөчүгө «бардык суроолор боюнча мурдагы президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго же БШКга кайрылууну» сунуш кылган.

УКМКнын басма сөз өкүлү Рахат Сулайманов Илмиянов тергөө менен жигердүү кызматташып жатканын маалымдады:

— Буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө уланып жатат. Тергөө ар тараптуу жана калыс жүргүзүлүүдө. Маалыматтарда айтылган акча каражаты берилгени жана кай жакка коротулганы боюнча бардык жагдайлар аныкталууда. Тергөөдө Илмиянов акчаны алганы тууралуу жетиштүү далилдер бар. Илмиянов тергөө менен жигердүү кызматташууда.

Мунун алдында УКМКнын тергөө абагында отурган Икрамжан Илмияновдун адвокаты Сергей Слесарев «Илмиянов тергөө менен кызматташып жатат» деген мазмундагы кабарларды жокко чыгарып, аларды чагым катары баалаган эле:

Сергей Слесарев. Сергей Слесарев.

— Бизде кандайдыр бир чагымдарды уюштурган учурлар болгон. Мен аны менен такай сүйлөшүп турам. Менде андай маалыматтар жок. Ага айыбын угузганда күнөөсүн моюнуна албай турганын айткан. Менимче бул чагым. УКМКнын Икрамжан Илмияновдун иши тууралуу ачык айтпай жатканы бир чети мени кубандырат. Анткени бул жабык маалымат болушу керек. УКМК бул жагынан мыйзамды сактай баштаптыр. Анткени алар буга чейин таратууга мүмкүн болбогон маалыматтарды таратышчу. Алардын шектенүүсү «ушундай болду» дегенди билдирбейт.

Алмазбек Атамбаевдин тушунда бийликтеги эң таасирлүү адам катары аты чыккан Икрамжан Илмиянов быйыл 20-октябрда Орусияда кармалып, Кыргызстанга жеткирилген.

Башкы прокуратура ага 28-сентябрда эле «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, издөө салганы белгилүү болгон. Сот аны 28-ноябрга чейин тергөө абагына камакта калтыруу тууралуу өкүм чыгарган. Бишкек шаардык соту 31-октябрда Илмияновдун бөгөт чарасы тууралуу анын жактоочусунун арызын карады, бирок райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу