Рита Карасартованын көөнү эркиндикте болсо, кызынын көөнү кайф кармап, эс алуудабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Рита Карасартованын кызы энесинен ашып түшкөн куйту экен. Бийликти күч менен басып алабыз деп камакта жаткандардын туугандарын бүгүн суукка карабай митингге алып чыгып, аягында таштай качты. Аны ээрчип чыккан тигил шордууларды болсо милиция кармап кетти. Негизи Бишкек шаарында митингдер Горький паркында гана өткөрүлүшү керек эле. 

Карасартованын кызы  Касиет Мамырбаева  баштанаак эчкидей болуп аларды эски аянтка алып чыккан. Бишкек шаардык милициянын жетекчилигинин Горький паркына барып өткөргүлө деген талабын укпай коюшкан. Мыйзам баарына бирдей. Баарыбыз баш ийишибиз керек. Баш ийбегендердин орду каякта экенин өздөрү билиши керек.

Эң кызыгы Рита Карасартованын кызы Касиет Мамырбаева муну билбейт дейсиңерби? Баарын билет, бирок билип туруп баштады, милиция кайсыл учурда кармарын да билип туруп убагында жылт койду. Чынында аны апасынын тагдыры деле ойлондурбайт көрүнөт. Анткени ал жаңы жылда Караколдогу лыжа базасына барып муз тээп, өзү айтмакчы мээсин сергитип, кайф кармап  келди.

“Жаңы жылды активдүү спорт менен баштадым, жаңылыктарды окуган жокмун, соцтармакка кирген жокмун, бир сөз менен айтканда кайф” деп жазыптыр баракчасына,  тоодо эс алып жүргөн сүрөттөрүн коюп.

Касиет Мамырбаева  энеси Рита Карасартованын Батыштан бакырып жүрүп тапкан долларларын чачып жыргап  эс алып жүрөт. Эгерде акылы бар кыз болсо апама сөз тийбесин деп үйүндө жатмак. Бирок энесин ойлобогон кыз башканы ойломок беле, мында кайдагы тарбия? Өзү айтмакчы, кайфтан кийин ойгоно калып, эл көзүнө апасын эстемиш болуп, тынч жаткандарды алдап көчөгө алып чыкты. Өзү кычып кетип ээрчип чыккандардын убалына калды. Эми тигилери да экинчи аны ээрчигис болуп, бармагын тиштеп отурса керек.

Булак: Абал.кж

Аргумент.kg