Кайнатанын батасын алган келин. Жээнбековдун жубайы Айгүл Токоева жөнүндө 8 факты

Мамлекет башчынын артында туруп, анын тылын бекемдеп, ийгиликтерине себепкер болгон аялзаты тууралуу баары эле билгиси келсе керек.

Бирок Кыргызстандын азыркы канайымы Айгүл Токоева жөнүндө басма сөз беттеринде көп айтыла бербейт. Андыктан Sputnik Кыргызстан агенттиги биринчи айым тууралуу бир нече факты даярдады.Маалыматтар ачык булактардан жана Токоеванын үй-бүлөсүнө жакын адамдардан алынды.

Туулган жери. Айгүл Токоева Кара-Кулжа районунун Биринчи Май айылында туулуп, өскөн. Орто билимди ошол эле айылдагы XXIII партсъезд (азыркы Ажыбек Юсупов — ред.) атындагы мектептен алган.

Ата-энеси ким болгон? Атасы Токо (Төкө) Култумушев райондук керек-жарак коомунун кызматкери болгон. Үй-бүлө турмушу тың, бардар жашап, бирок ал киши дүйнөдөн эрте өтүп кеткен. Энеси мамлекеттик сыйлыктарды алып, аймакка аты чыккан Капар аттуу чабандын кызы — Сылан Капарова. Айылдаштарынын айтымында, балдарын оокатка бышырып, эмгекчил кылып тарбиялаган. Кийин ажылыкка барып келген.

Первая леди Кыргызстана Айгул Жээнбекова и экс первая леди Раиса Атамбаева и верховный судья Айнаш Токбаева на торжественной церемонии официального вступления Сооронбая Жээнбекова в должность президента КР

Айгүл Токоева жубайы, КР президенти Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясында

Тун кыз. Токоева үй-бүлөнүн улуу кызы. Өзүнөн кийин беш сиңдиси жана үч иниси бар. Биринчи айым тогуз бир тууган болуп, ошондо жубайы да, өзү да көп балалуу бүлөдөн чыккандыгын аңдайбыз.

Суу алган селки менен жаш адис. Айгүл айым чырайлуу, токтоо, ашыкча сүйлөбөгөн кыз болгондуктан, мектепти аяктаары менен куда түшкөндөр көп болгондугун айтышат. Атасы «кызымды окутам» деп эч кимисине макул болгон эмес дешет. Сегиз чакырым аралыкта жайгашкан Биймырза айылынын ал кездеги зоотехниги Сооронбай Жээнбеков Биринчи Май аркылуу жайлоого каттап, иштеп жүрөт. Бир ирет жаш адис унаа менен бара жатып жол жээгинен байкаган, суу алып жаткан кызды автоунаасын токтотуп келгиче таппай калат. Жээнбеков айылдык дүкөнгө кире калып, Шарапат аттуу сатуучудан «азыр эле көргөн, периштедей болгон кыздын» дайын-дарегин сурайт. Акыры айылдык жеңенин жардамы менен селкинин аты Айгүлдүгүн жана кимдин кызы экендигин билет. Көп өтпөй бийкечке болочоктогу кайненеси келип сөйкө салып, үлбүрөгөн жаш кыз Жээнбековдордун босогосун аттайт…

Президент КР Сооронбай Жээнбеков и первая леди Айгуль на президентской елке в Национальной филармонии имени Токтогула Сатылганова

Президенттик жаңы жыл балаты майрамында Сооронбай Жээнбеков менен биринчи айым Айгүл Токоева

Кайната-кайнененин батасын алган келин. Айгүл Токоева алардын колунда 10 жылдай болуп, сый-урматын көрсөткөн. Алардын үй-бүлөсүнө жакын адамдардын айтымында, жаш келин кылган кызматы, адамкерчилиги менен жагып, кайната-кайнененин батасын алган. Алардын колунан жолдошу (Сооронбай Жээнбеков — ред.) Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасынын депутаты болгондо гана кеткен.

Күйөөсүнөн 10 жаш кичүү. Расмий маалыматта, биринчи айым жолдошунан 10 жаш кичүү, 1968-жылы туулган. Бирок, кээ бир маалыматта 1967-жылы деп да айтылып келет.

Президент Сооронбай Жээнбеков с супругой в ожидании зарубежных гостей

Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда чет элдик конокторду күтүп жаткан учуру

Балдары. Эки баланын энеси, бир неберенин таенеси. Кызы Бактыгүл Жээнбекова турмушка чыгып, былтыр уулдуу болгон. Президенттин небересинин аты — Алиаскар. Уулу мектеп жашында.

Көп күттүргөн канайым. Канайым буга чейин жолдошун коштоп бир нече жолу иш-чараларга барганы менен, кыргызстандыктар кең-кесири ушул аптанын башында көрө алды. Токоева эл аралык маанидеги бир топ иш-чарага катышып, чет элдик конокторду тосуп алып, башка президенттердин жубайлары менен жолукту. Улуттук китепканада Чыңгыз Айтматов борборунун, Фучик көчөсүндөгү №1 оорукананын жанына салынган бейтапкананын ачылышында болду. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндарында Кырчын жайлоосунда тигилген «Бишкек ордо» этно-шаарчасына баш бакты.

В рамках III Всемирных игр кочевников состоялся визит первых леди Кыргызстана Айгуль Токоевой и Турции Эмине Эрдоган в этногородок Бишкек ордо в ущелье Кырчын. 3 сентября, 2018 года

Түркиянын президентинин жубайы Эмине Эрдоган менен. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары, Кырчын жайлоосу

Учурда эмне иш кылат. Мамлекет башчынын жубайы үй кожойкеси. Мындан тышкары, айыл жана мал чарбачылыгы боюнча чакан ишкерлик кылары айтылган.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу