Шоубизнес

Сүрөт – Кубик Калыковго операция жасалды

Куудул, обончу жана аткаруучу Кубик Калыков операция болду. Бул тууралуу Айпери Кубик кызы социалды тармактагы жеке баракчасы аркылуу билдирди:

“Альхамдулиллях атамдын операциясы ийгиликтүү болду шүгүр. Жамбаш сөөгүнө протез коюлду. Аллахыма чексиз шүгүрлөр болсун.

Сабырбек Жумабеков агайыбызга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Агай,колуңузга береке. Колуңуз эч дарт көрбөсүн.

Мындай операцияны атама экинчи жолу жасап жатасыз. Февраль айында болчу операция, дал менин туулган күнүмдө болду. Шүгүр,азыр жакшы. Бүгүн атам алгачкы кадамдарын таштап баштады шүгүр. Альхамдулиллях.

Жан атам Аллах шыпаасын берсин. Тезирээк чуркап баштаңыз. Неберелериниз катуу сагынды сизди. Апам экөөңүздөр эч оорубаңыздар. Баарыбыздын ата-энелерибиз аман болушсун. Аллах баарыбыздан ыраазы болсун”,- дейт ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *