Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматова дипломуна байланыштуу тергөө адилеттүү жүрөрүнө ишене албасын билдирди. Буга чейин Нарматова УКМКга суракка чакыртылып, кийин атайын кызмат депутат Жалал-Абад мамлекеттик университетине мыйзамсыз кабыл алынганын айтып чыккан.
» alt=»» aria-hidden=»true» />Орозайым Нарматова. Фейсбук барагынан алынды
«Буйруса тергөө адилеттүү жүрүп, чындык чыгат деген үмүттөмүн, бирок ишене албайм. Бийлик колдо турганда эмнелерди гана жасап салуу мүмкүн экендигин жалпыңыздар жакшы билесиздер», — деп жазды Нарматова Фейсбук барагында.