Назарбаев кызматтан кетерин Путинге качан айтканы белгилүү болду…

Россиянын президенти Владимир Путин казакстандык кесиптеши Нурсултан Назарбаев кызматтан кеткени жатканын ал расмий жар саларына эки саат калганда билген. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков «Москва. Кремль. Путин» берүүсүндө айтканын РИА Новости жазды.

«Нурсултан Абишевич өзү телефон чалды. Негизинен экөө мүмкүнчүлүк болуп калганда сүйлөшүп турушчу. Бул жолу расмий жар саларына эки саат калганда байланышка чыккан», — деди Песков.

Казакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив

Маалымат катчынын айтымына караганда, Россия менен Казакстан жакын өнөктөш болгондуктан жакынкы арада дагы жогорку деңдээлдеги байланыштар болот.

Белгилей кетсек, 19-мартта, Казакстанды 30 жылга чукул башкарган президент Нурсултан Назарбаев отставкага кетип, ордуна парламент сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев келген.

БУЛАК:sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу