“Бийлик Ленин округунан админресурс колдонуп, өз талапкерин алып өтүшү мүмкүн”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Бир мандаттуу Ленин округу боюнча Жогорку Кеңешке талапкерлер катталууда. Бул жолу элдин тандоосуна шарт түзүлөбү, же бийлик сүймөнчүк адамын өткөрүп коёбу? Дегеле ушул аламан жарыш боюнча кандай ой айтасыз?” деген суроо салдык.

Жеңиш Акматов, мурунку БШК мүчөсү:

— Өткөн шайлоо көргөзгөндөй, шаар калкынын шайлоого болгон активдүүлүгү өтө төмөн экен. Бийлик ошону пайдаланып, административдик ресурсту колдонуп, өз кишисин алып өтүшү толук ыктымал. Бул жерден мурун шайланып келген Жаныбек Абиров өткөндө 10000дин тегерегиндеги добуш менен мандатка жеткен. Жалпы шайлоочу 120000 киши. 10% дагы алган эмес…

Рита Борбукеева, коомдук ишмер:

— Менин оюмча, Равшан, Ильгиз талапкерлигин коюп аткандыктан, добуштун бөлүнүп кетпеши үчүн бийлик аракет көрөт го… А эгер алар койбосо бийликке баары бир болчу. Эдил айткандай, «кылдары кыйшайбайт» дегендей. ЖК депутаттарын чүлүктөп алышты. Азыр бир депутаттын бар-жогунун бийликке ысык-суугу жок. Кеп камактагылардын шайлоого аттанганында. Элдин көңүлү ушуга бурулуп атат. Анүстүнө Садыр Жапаров мурда Равшан Жээнбековго добуш берген. Аны да унчукпай эле койбой, элге шардана кылганы бар. Демек, карапайым эл камакта, кысымда отургандарга бир кыйла жан тартат, кыргыздын айкөлдүгү илгертен бар эмеспи.

Бейшенбек Абдразаков, коомдук ишмер:

— Бул жолу 30 жылда өтүп келген шайлоого жол бербеш керек. Арак, тамак, акча, улак тарттырып, стадионго миңдеген киши чогултуп концерт бергенди токтотуу абзел. Жүздөгөн агитаторду алып, акча таркатып, үйүмө-үй кыдырган болбогон кеп. Ушундай шайлоолордун айынан үч жолу төңкөрүш болду, эми сабак алып, андай жолго түшпөшүбүз керек, ал тарых болуп артта калганы оң. Анүчүн электрондук шайлоо дегенди колдонсок дейм. Ар ким өзүнүн смартфонунан эле добуш берген системаны, санарип, түндүк шайлоо системасы элге эркин, таза тандоо шартын түзүп берүүсү зарыл. Бийлик, аким, МТУ, квартальный, домком, мугалимдер, врачтар, мамкызматкерлер аралашпаган оң. Бийликтин “сүймөнчүгүнө” жан тартпай, баарына бирдей шарт түзүп, эл эркин, өзү каалаган талапкерин шайласа…

Адил Турдукулов, саясат талдоочу:

— Конституция боюнча парламенттин ролу супсак эле болуп, көп деле таасир этпей калган, президенттин аппараты эмнени кылса, ошону жасай берет. Ошондуктан Садыр Жапаровдун сөзүнө ишенем, бул жакка кийлигишпейт. Анткени, кийлигише турган болсо, жаман нерсе үстүнө калкып чыгып калат да, президенттин өзүнө тийип калышы мүмкүн. Бул жерде канткен күндө да акчанын ролу таасирдүү болуп, мурункудай эле кимдин акчасы көп болсо, ошол адам марага жетет го…

Сурат Жылкычиев  «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg