«Апрель» баатырларынын атын сатып 2 миллион сом ашык каражатты жеп койгон Мискенбаевдин шылуундугу боюнча жаңы далилдер чыкты

Сүрөт «Азия ньюс» гезитинен алынды «Ат көрбөгөн минип өлтүрөт» деген кеп кадимки акылын бир жерге жыйнай албаган экс-депутат, «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин жетекчиси Мээрбек Мискенбаевдин бейнесине куп жарашат.Ал өзүнүн акылы менен эмес, кайсы бир саясатчынын же саясий топтун «жаттатып» койгон сөздөрүн гана кайталоо менен саясатта азыноолак жүрүп калды. Казанда эч нерсе болбосо, чөмүчкө да эч нерсе чыкпай турганын түшүнгөн соң, депутаттыгын тапшырып, саясаттан бир аз алысыраак жүрүп клагандай болгон. Бирок, ушул жылдын март айында кайрадан кайсы бир саясатчынын «оозу» болуп берди. Кийин анын сүйлөгөн сөздөрүн, ошол сөздөрдүн чыныгы ээси өзү кайталады.
Ошондон кийин Мээрбек мырза өзүнүн соо адам экенине өзү да ишене албагандай болуп калды.
Бирок, ал алдоо жолу менен акча табуу жагынан анча-мынча саясатчыларды алдына салбайт көрүн6өт. Буга эки конкреттүү фактыны мисалга келтирели.
Эске сала кетсек, «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин мүчөсү М. Алыйкулова ошол эле бирикменин башкармалыгынын мүчөлөрү М. Мискенбаев менен А. Жамгырчиевдин үстүнөн арыз менен укук коргоо органдарына кайрылган. Ошол арыз боюнча УКМК иликтөөгө алганда төмөндөгү жагдайлар ачыкка чыккан.
«Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин төрагасы М. Мискенбаевдин суранычы менен 2014-жылдын 10-июлунда аталган коомдук бирикменин 14 мүчөсүнө ошол кездеги ЖК төрагасы А. Жээнбековдун буйругу менен 500 миң сом материалдык жардам бөлүнгөн. Ал эми иликтөөнүн жүрүшүндө ошол 14 апрель баатырынын жетөөсү өздөрүнө тиешелүү болгон акчалай каражатты албай калышканы белгилүү болгон.
Мисалы, Н. Каныметов – 30 миң сом, С. Кыдырмышев – 45 миң сом, Э. Өмүралиев – 30 миң сом, Т. Алимбеков – 45 миң сом, Т. Кубанаев – 25миң сом, К. Жусупов — 35 миң сом, ал эми Н. Касаболотов өзүнө бөлүнгөн 45 миң сомдун болгону 20 миңин алган. «Калганы кана?» деген суроого М. Мискенбаев: «калган бөлүгүн «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин башка мүчөлөрүнө бердим» деп жооп берген экен.Ал эми өздөрүнө деп бөлүнгөн акча каражатынын бир тыйынын да албай калгандарга эмне деп жооп бергени азырынча белгисиз.
Мындан сырткары М. Мискенбаев «Айкөл Ала-Тоонун» мүчөлөрү үчүн деп «Трасн Азия Уголь Компани» ЖЧКсынын жалпы суммасы 2 136 120 сомдук бөлүнгөн көмүрүн да өзүнүн орун басары А. Жамгырчиев экөө өзүмдүк кылып алышканы өзүнчө кеп кылууга арзыйт.
М. Мискенбаев «Марал Курулуш» ЖЧКсынын директору Н. Давлетов аркылуу ошол көмүрдү саттырып, акчасын кымырып койгон. Эми мына ушул кыңыр иштери үчүн Мискенбаев кандай жоопкерчилик тартаарын күтүп тургандар арбын. Апрель баатырларынын атын сатып, өзүнүн финансылык кызыкчылыгын көздөгөн адамга айоо керек болбосо керек. БУЛАК:maalymat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу