Митингдер уланып, бук чыгып турса, төңкөрүш болбой калат беле?..

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Митингдерди чектөө боюнча сентябрь айына чейин жарлыккка кандай карайсыз? Демократиялык өлкөдө бул жагдай кандай болуп калды?” деген соболду белгилүү укук коргоочуларга салдык. 

Азиза Абдирасулова, укук коргоочу:

— Махатма Ганди “нааразычылык акциялардын 198 түрү бар” деп айткан. Бизде ошолордун 2-3 эле түрүнө тыюу салынып атат. Биздин бийлик 198 түрүнө тыюу сала албайт. Кайнап аткан чайнектин капкагын ачпай алдына от жага берсе, капкагы ыргып, өзү күйүп кетет деген образдуу эле кеп болуп атат. Элдин буулуккан үнүн чыгарбай коюу эч мүмкүн эмес. Ошол эле 2005-жылы март окуясын айталы. Андан кийинки 2010-жылдагы апрель жана 2020-жылдагы октябрь окуясын алалы. Тыюу салуу – бул бийликтин алсыз иши. Азыркы бийлик эки жат нерсени кашкайтып көргөзүп атат. Биринчиси, алсыз экенин. Экинчиси, саясый, экономика жагынан Россияга көз каранды экенин билгизүүдө. Антип биз Россияга жакпайбыз, алар биз үчүн эч качан күйбөйт. Өз тагдырыбыз өзүбүздүн колубузда. Эгер эгемендигибизди сактап калабыз десек, башка бир мамлекетке көз каранды болбошубуз керек. Өз алдыбызча өнүгүү жолуна түшмөйүнчө, экономикабыз көтөрүлбөйт, жакыр жашоодон чыгуу кыйын. Элдин бийликке болгон нааразычылыгы боло берет. Жакында Эстониянын бир үй-бүлөсү менен тар чөйрөдө жолугуп калдым. Алардын калкы 1,5 миллионго жетип-жетпейт. Эмнегедир алар эч кимге көз каранды эмес. А эмнеге биз өзүбүздүн жер байлыктарыбыз, тоо-таш, кооз жерлерибиз, мөңгү сууларыбыз менен эркин жашоону тандап албайбыз? Тыюу салуу менен биздин эркин жашообузду, духубузду өчүрүп сала албайт. Тескерисинче, нааразычылык акциялардын жаңы ыкмаларына жол ачат, өтүп баштайбыз. Азыркы бийликтин кадамдары туура эмес.

Клара Сооронкулова, укук коргоочу:

— Мындай мыйзамсыз чечим буга чейинки президенттердин тушунда да болуп келген. Башмыйзамга да карама-каршы келет. Биз уруксат сураганга, “митинг уюштурабыз, өткөрөбүз” дегенге да милдеттүү эмеспиз. Конституцияда ушундай жөнгө салынган. Башка өлкөлөрдө, мисалы, Казакстанда, Россияда сөзсүз түрдө бийликтен уруксат алыш керек, “Баланча жерде, мынчанчы күнү митинг өткөрөлү дедик эле” деп. Бизде андай уруксат алууга милдеттүү эмеспиз. Эң негизгиси – максаты тынч болуш керек. Ал эми коопсуздук маселесине митингдин уюштуруучулары жооп берүүсү шарт. Бизде болгон революциялардын баары эмнеден башталган? Шаардын, райондук соттун “митинг өткөрүлбөсүн” деген токтому чыгып турган мезгилде нааразычылык акциялары болуп, андан ары революцияга уланган. Чектеп, бөгөт коюунун ордуна “өткөрө бергиле” деп коюш керек эле. Азыркы бийликтин чектеп атканы – “сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” болуп, коркуп атышат да. “Эл көбөйүп, аягы төңкөрүшкө айланып кетпесин!” деген кооптонулары бар окшойт…

Рита Карасартова, укук коргоочу:

— Митингдерди кандайдыр бир убакытка чектөө, жалпылап, “кайсы бир жерге митинг кылбагыла” дегени мыйзамсыз. Бирок, биздин бийлик соттун чечими менен чектеп атышат. Жадагалса, уруксат берилген Горький скверине чыккан адамдарды кармап барып, үч саатка суракка алганы – бүгүнкү күндө Кыргызстанда эч кандай мыйзам иштебей калгандын белгиси. “Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” кылып аткан сыңары. Аларга “бул мыйзамсыз” деп түшүндүргөндүн кажети деле жок. Бийлик “эй лопух, билгениңди кылып ал, если че мен деген инкубскиймин” деген маселе да. Мындан аркысын да көрө жатарбыз. Митинг десе эле кээ бир элдер “эй, койгулачы ушул митингиңерди, тажаттыңар! Тынч эле жашабайлыбы” деген маанайда түшүнүшөт экен. Бул бийлик ушундайдан пайдаланып мыйзамды бузуу жагына ыктап атканын байкайбыз. Митинг – бул ар бирибиздин бийликке өзүбүздүн кандайдыр бир маселеге каршылык көрсөткөн үн!

Динара Ошурахунова, укук коргоочу:

— Ооба, биздин Конституцияда “демократиялык өлкөбүз” деп кашкайып жазылган менен демократиялык жетишкендиктер азайып атат. Кайрадан артка кетип аткандай. Ошонун ичинде митингдерге тыюу салуу, албетте, сентябрга чейинби же андан кийин декабрга чейин узартып коёбу, мунун баары белгисиз. Эмне үчүн митингге тыюу салып атат? Анткени көлөкөлөрүнөн коркуп атышат. Бирок, эскертип коюш керек, нааразы болгон эл тыюу салынганына карабай көчөгө чыгып, ар кандай конфликттин аркасында бийлик алмашууга чейин барганын. Биз аны далай ирет көрдүк тарыхыбызда. Тыюу салгандан көрө, эл өз пикирин, оюн, чогулуп калган бугун чыгара айтып алса жакшы болмок. Биздегилер 2005-2010 жана 2020-жылкы окуялардан сабак алган жок. Кайрадан эле кайталап атат.

Сурат Жылкычиев 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg