Сейфти талкалап ичиндеги акчаны алып кеткен
28-бештин айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваСейфти талкалап тоноп кеткен уурулар кармалды. Бул тууралуу. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББсы билдирди.
Маалыматта 20-декабрь күнү Аламүдүн РИИБине А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда Төмөнкү Ала-Арча айылындагы үйүнө белгисиз бирөөлөр кирип үйүндөгү сейфти талкалап, 1 миллион 200 миң сом акча каражатын, 300 миң сомдук алтын буюмдарын жана ACER үлгүсүндөгү ноутбугун алып кетишкенин билдирген. Көп өтпөй бул уурулукка шектелип 29 жаштагы А.С., 27 жаштагы Б.Б. жана 22 жаштагы Т.М. аттуу жарандар кармалган.
Сурак учурунда алар ууруга киргенин мойнуна алышып, алар алган оокаттар үйлөрүнөн табылган. Мындан сырткары да Аламүдүн районунун аймагында дагы 8 уурулук фактыларына тиешеси бар экендиги такталган. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, учурда шектүүлөрдүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жогу териштирилүүдө.