Атамбаев-Жээнбеков тирешинин «тизгинин» Текебаев «бурабы»?

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин соңку маегиндеги шайлоодо сарпталган каражаттар боюнча пикири талаш-талкууларды кайра күчөттү.

Буга чейин адвокат Нурбек Токтакунов өзү жарыялаган документтерге таянып, «ошол кездеги талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабы шайлоого баланча каражат короду деп расмий түрдө азганактай сумманы көрсөтүп, иш жүзүндө андан он эсе көп жумшаган» деп жазып чыкты.

Айрымдар шайлоого сарпталчу каражаттын суммасына мыйзам чек койбойт, бул документтердин эч кандай мааниси жана күчү жок деп жатат. Бирок ошол эле учурда, бул маалымат азыркы президентке импичмент жарыялоого негиз берет дегендер да жок эмес.

Мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров Атамбаев-Жээнбеков тирешинин кесепети өздөрүнө эле эмес, эл аралык деңгээлде кыргыз шайлоолорунун тазалыгына доо кетиргенин билдирди.

Саясатчы Равшан Жээнбеков болсо, соңку саясий жүрүштөр жакында басаңдабай, бийликтин бир топ шайын кетирет деген пикирде.

Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарды

Равшан Жээнбековдун пикиринде, «Алмазбек Атамбаев тажрыйбалуу саясатчы, мурдагы президент катары азыркы бийликке баш оору болуп, кылт эткен кемчиликтерин жаза кетирбей, жарга такайт». Анын үстүнө Атамбаевдин иштерин «азыркы бийликтин жокко чыгаруу аракеттери, тилеги таш каап турган Алмазбек Атамбаевди агрессивдүү саясатка түртөт».

Ошол эле учурда Атамбаевдин «доору бүттү» деген пикирлер дагы айтылып жатат. .

«Кара бухгалтериянын жарыяланышы чү дегенде эле Атамбаевдин өзүнө тийген муш. Атамбаев «мен буга чейин завод куруп же дагы башка бир чоң жетишкендиктерди жасай албасам да, таза шайлоо өткөрүп бердим. Бул менин зор салымым» деп айтып келбеди беле. Кана ошол таза шайлоосу?»,-деп суроо салат коомдук ишмер Эдил Байсалов.

"2010-жылдагы июнь коогалаңында өлкө биримдиги үчүн карьерам эле эмес, керт башымды да тобокелге салдым. Төш каккылай бергим келбейт, бирок бул чындык. Атамбаев муну жакшы билет. Анын саясий технологдору мени «саткын» деп атаганды жакшы көрүшөт. Убакыт баарын өзүнүн ордуна коет",-деген президент Сооронбай Жээнбеков 24.кж агенттигине берген маегинде.«2010-жылдагы июнь коогалаңында өлкө биримдиги үчүн карьерам эле эмес, керт башымды да тобокелге салдым. Төш каккылай бергим келбейт, бирок бул чындык. Атамбаев муну жакшы билет. Анын саясий технологдору мени «саткын» деп атаганды жакшы көрүшөт. Убакыт баарын өзүнүн ордуна коет»,-деген президент Сооронбай Жээнбеков 24.кж агенттигине берген маегинде.

Ушул жылдын март айында Атамбаев ЖЭБдеги чуулгандуу иштерге президент Сооронбай Жээнбековду айыптагандан бери тиреш маал-маалы менен байкалып, бирок курчуган эмес. Эми шайлоонун ыгым-чыгымы боюнча документ тирешти бир топ эле күүгө келтирип койду.

«Мындай документ ачыкка чыгып, анысы аз келгенсип түздөн-түз азыркы президентке тиешеси бар деп жаткан соң, буга укук коргоо органдары сөзсүз түрдө укуктук баа бериши керек. Прокуратура азыр бирөөнүн буйругун же президенттин тапшырмасын күтпөй эле, тезинен бул ишке киришүүсү керек. Бул алардын тикелей милдети»,-дейт мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров.

Бирок Башкы прокуратуранын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Наргиза Куватова бул документтер боюнча азырынча эч кандай иш жүргүзүлбөгөнүн Би-Би-Сиге билдирди.

Айрым саясатчылар Атамбаев-Жээнбеков тирешинин мындан ары кандай улана турганына башка саясий күчтөрдүн ролу бир тең, камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин ролу бир тең деп жатат.Айрым саясатчылар Атамбаев-Жээнбеков тирешинин мындан ары кандай улана турганына башка саясий күчтөрдүн ролу бир тең, камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин ролу бир тең деп жатат.

Айрым саясатчылар Атамбаев-Жээнбеков тирешинин мындан ары кандай улана турганына башка саясий күчтөрдүн ролу бир тең, камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин ролу бир тең деп жатат.

Муну да көрүңүз: Иса Өмүркулов өзүнүн партиядан, Жанар Акаевдин фракциядан чыгарылышын айтып берди

«Ата-Мекендин активдешүүсү азыркы саясий абалга сөзсүз таасир этет. Бийлик Текебаевди эркиндикке чыгарса жагдай кандай болот, эмне өзгөрөт деген суроолорду жолдогондор көп. Менимче бир караганда, алар Атамбаевге каршыдай көрүнгөнү менен, келечекте алар сөзсүз түрдө бийликти бутага алат. Мен муну буга чейин да айтып келгем»,-дейт саясатчы Равшан Жээнбеков.

Алмазбек Атамбаевге чындап жан тарткандар көп болбой жаткан чакта азыркы бийлик күн өткөн сайын эл арасында колдоого ээ болуп, кадыры артып баратат дешет.

"Салыштырып карап көрөлүчү, бир жыл мурун эле Сооронбай Жээнбеков Атамбаев үчүн куурчактай эле талапкер болуп берген. Азыр такыр башка. Эл ишенимине кирип, колдоочуларын эселеп өстүрө алды",-дейт саясатчы Эдил Байсалов.«Салыштырып карап көрөлүчү, бир жыл мурун эле Сооронбай Жээнбеков Атамбаев үчүн куурчактай эле талапкер болуп берген. Азыр такыр башка. Эл ишенимине кирип, колдоочуларын эселеп өстүрө алды»,-дейт саясатчы Эдил Байсалов.

«Салыштырып карап көрөлүчү, бир жыл мурун эле Сооронбай Жээнбеков Атамбаев үчүн куурчактай эле талапкер болуп берген. Шайлоону жеңгенден кийин деле анын легитимдүүлүгү абдан алсыз эле. Азыр такыр башка. Эл ишенимине кирип, колдоочуларын эселеп өстүрө алды. Бирок мындай көрүнүш ким бирөөгө жакпай, ичин күйгүзүп атканы жалпыга маалым да»,-дейт саясатчы Эдил Байсалов.

Муну да көрүңүз:

Саясий күрөш демекчи, президент Сооронбай Жээнбеков 24.kg агенттигине берген маегинде: «Мен азыр мамлекет башчысымын. Катуу күрөшкө дайым даярмын. Ийгиликке жеңил жол эмес, күрөш, эмгек менен жеткенмин. Негиздүү сындар айтылса кабыл алам, катамды оңдогонго аракеттенем. Бул мамлекеттик ишмер үчүн кадимки процесс. Негизи «сынчынын сыңар өтүгү майрык» болбосо болду»,-деп айткан эле.

Бирок мурдагы жана азыркы президенттин бири-бирине нааразылыгы күч экени удаа-удаа өз ооздору менен ачык айтылган соң, серепчилер эки лидердин мамилелериндеги кризис абдан эле тереңдеп кеткени айкын болду деп айтышууда.

Булак: БиБиСи

Аргумент.kg
Жооп калтыруу