Аалы акын Дастан менен Зарылды “таластыктардын чимкириктери” деди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Төкмө акын Аалы Туткучев Жогорку Кеңештеги таластык депутаттарды шакабалап, намыска тийе турган ыр жазыптыр.  

Талас бул жердин куту да,

Таптаза ичи-тышы да.

Эң начар деген баласы,

Төрага болот ЖКга.

Күлдүрдү булар күлбөстү,

Манасты жерге сүйрөштү.

Сөөктө тилдин жоктугун,

Сөгүнбөй эле үйрөттү.

Залкарлар чыккан бул элден,

Куру эмес уучу билем мен.

Чыгаанын бербей ЖКга,

Чимкириктерин жиберген.

Береги саптардан алып карасак, Дастан Жумабеков Таластын эң начар баласы катары сүрөттөлөт, ошого катар “тилде сөөк жок” деген Зарыл Рысалиевдин Манаска байланыштуу айтканын да шылдыңдап салган. Акыркы куплетте Дастан Жумабеков менен Зарыл Рысалиевди чыгаандарга теңебей, “таластык чимкириктер” экенин баса белгиледи. Жер менен жексен кылгандай эле жекирип салыптыр. Ток этерине келсек, бир кезде баатырлар чыккан Таластан бычакка сабы жарабай, кошоматчылардын айынан намысы тепсендиде калганы ушулбу?..

Аргумент.kg