Жыл өткөн сайын жашарган Саламат Садыкова 62 жашка толду. Ырчы тууралуу 6 факты

Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Казакстандын эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы Саламат Садыкова бүгүн, 28-сентябрда 62 жашка толду.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өз киндигин өзү кесип, талыкпас эмгеги, өнөрү менен көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланган инсан тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Народная артистка Кыргызстана Саламат Садыкова во время интервью Sputnik Кыргызстан Саламат Садыкова Баткен облусунун Кызыл-Жол айылында 1956-жылы 28-сентябрда төрөлгөн Томолой жетим өскөн. Саламат Садыкова Баткен облусунун Кызыл-Жол айылында 1956-жылы 28-сентябрда төрөлгөн. Атасы эки жашында, апасы тогуз жашында каза болуп, балалыгы кыйынчылыктар менен коштолгон. Кара-Суудагы мектеп-интернатында, Оштогу музыкалык мектепте билим алып тогуз жашынан баштап эле обон созо баштаган. 1973-жылдан тарта Баткен райондук маданият үйүндө ырчы болуп эмгек жолун баштаган. Түрдүү сынактарга катышып жүрүп элдин сүймөнчүлүгүнө айланган.

Музыкага байланган өмүр. Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты кийин турмушка чыгып, эне болуп, тогуз жылдай сахнага чыкпай калган. Анын жолдошу жубайынын ырчы болушуна каршы чыгып туруп алган. Ага карабай чыгармачылык менен алектенүүгө болгон каалоосу өзүнүкүн бербей Таластагы райондук маданият үйүндө иштеп баштайт. Ушундан улам дагы түгөйлөр ажырашып, аткаруучу кичинекей эки кызы менен калган.

Народная артистка Кыргызстана Саламат Садыкова во время выступления Саламат Садыкованын атасы эки жашында, апасы тогуз жашында каза болуп, балалыгы кыйынчылыктар менен коштолгон

Сахнага арналган 40 жыл. Убакыт өтүп, тагдырдын жазмышы менен 1988-жылы борбор калаадагы «Тогуз кайрык» республикалык фестивалына катышып, калыстардын жогорку баасына татыйт. Ошентип ал жылы Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын «Камбаркан» ансамблине солист катары чакырылган. Ошол кезде борбор калаада туугандары жок болгондуктан кыздары менен үч жыл бою көчүп-конуп батирде жашайт. Кийин баткендик жердештери акча топтоп үй алып беришкен.

Айтматов урматтаган. Репертуарында 300дөй чыгармасы бар ырчыны улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов өзгөчө баалаган. Бишкекте 1980-жылдары маданий иш-чаралардын биринде чыгаан калемгер Айтматов Садыкованын аткаруусундагы чыгарманы кайра-кайра суранып ырдаткан жайы бар. Жазуучу кийин дагы ырчы менен жакшы мамиледе болуп, кеп-кеңешин айтып турган.

Народная артистка Кыргызстана Саламат Садыкова «Туулган жер» аттуу ырды 1990-жылдардын башында Кыргызстандын гимни кылуу демилгеси көтөрүлгөн

Дүйнө кезген ырчы. ТҮРКСОЙ эл аралык сыйлыгынын ээси Россия, Испания, Оман, Украина, Голландия, Нидерланды, Бельгия, Люксембургда жеке концертин коюп, ондогон мамлекеттеги сынактарга катышкан. Эмгек жолунда анын эки альбому жарык көргөн. Биринчисин, Япониядагы Мinоn эл аралык музыкалык коому чыгарса, экинчисин америкалык музыка изилдөөчү Марк Хамфри даярдаган.

Анын аткаруусундагы ыр гимн болуп калмак. III даражадагы Манас орденинин ээсинин аткаруусундагы «Туулган жер» аттуу ырды 1990-жылдардын башында Кыргызстандын гимни кылуу демилгеси көтөрүлгөн. Мындай пикир акын, жазуучулар менен кыргыз интеллегенциясы тарабынан айтылган. Бирок түрдүү себептерден улам кийин тынчып калган.

Народная артистка Кыргызстана Саламат Садыкова с дочерьми Ырчы эки кызды жалгыз тарбиялап өстүргөн. Алардын улуусу журналист болсо, кичүүсү чет өлкөдө иштейт

Чарчабаган таене. Ырчы эки кызды жалгыз тарбиялап өстүргөн. Алардын улуусу журналист болсо, кичүүсү чет өлкөдө иштейт. Саламат Садыкова төрт неберенин таенеси. Учурда ал филармониядагы «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык тобунда жетекчи жана ырчы катары кызмат өтөйт.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу