Блогер Гузи Исламова интернетте талкуу болуп жаткан сүрөтү боюнча үн катты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мындан эки күн мурда президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдагы Тажикстандын кол салуусунда «Баткенге жардам» штабынын ишине активдүү катышып, гумжардам чогултууга жардам берген ыктыярчыларды ооз ачууга чакыруу иш-чарасы болуп өткөн. Ооз азуу иш-чарасында ыктыярчыларга ыраазычылык кат берилген.

Гузи Исламова аты менен белгилүү блогер, модель Исламбек кызы Гүлзаада баргандар менен чогуу түшкөн сүрөтүн жүктөгөн. Ошондон бери бул сүрөт талкууда калды. Сүрөттө бир нече кыздын ыраазычылык барактарын колуна алып түшкөнүн көрүүгө болот. Ал эми кыска кийинген моделдин жанына хиджап кийген кыз туруп сүрөткө түшкөн.

Гузи Исламова соцтармактагы баракчасында сүрөт боюнча үн катты. «Блогерлер Иванова, Исламова деп сүрөт жүктөп жатышат. Силерге кандай айырмасы бар? Биздин өлкө светтик өлкө. Менин кийимим менин кандай адам экенимден кабар береби? Ким кандай кааласа ошондой кийинет. Мен өзүмдү бул кийимде ыңгайлуу сезем. Бирөөнүн жашоосу менен кимдин кандай иши бар?»,- деди ал.

Аргумент.kg