Коом

Падишахан Султаналиева: «Олжобай Шакир агай трансгендер уулу Аликти коомчулукка жарыялоо чоң жоопкерчилик»

Журналист Олжобай Шакир трансгендер уулу Алик тууралуу чакан чыгара жазып аны, интернет баракчасына жарыялаган. Ал чыгарма менен тааныштыгы барлардын бири Падишахан Султаналиева өз пикирин жазуу менен бирге ЛГБТны колдоодон мурун кыргыздын улуулугун сактап Орто азияга уят болбоону билдирген.
«Окуп бөлүшүп койгула, бирге жеткирели аң сезимдерге. Бири бирибизди капа кылбай.
Олжобай Шакир байкенин трансгендер уулу Алик жөнүндө жазган чыгармасын бир аз окуп чыктым. Жакшы жазылган, бирок бул нерсени маданияттуу талкуу кылууда чоң жоопкерчиликти талап кылат. Кечирим сурап өз оюмду жазууну туура көрдүм.
Алик жыныстык жактан кыз, бирок өзүн эч качан кыз сезбей, уул сезет экен. Бирок чыныгы себебин изилдеген пенде жок. Чындап ошондойбу? Же жаштык протест ооруга айланып кеттиби? Балким азырда өз калыбына келтирүүгө болот. А балким жөн гана факт катары кабыл алып, өз эркине койуу керек.
Мен бул теманы талкуу кылбас элем, эгер бүткүл дүйнөнү айланып, ошол ЛГБТ лардын чөйрөсүндө, бир аз иштеп байкаган күндөрүм болбогондо.
Мен эмнегедир Азаттык радио теле каналдарына, нааразычылык сездим чыныгы кыргыз жан дүйнөмдө.
Бул трансгендер жөнүндө эмнеге көп өлкөлөрдө жар салбайт, даже мен иштеп жашап келген Канадада көп деле алар жөнүндө сөз жок. Бир жылда бир жолу парадка чыгышат, эркин эмеспиз дей бергенинен, мамлекет бир күн шайтандарыңы кагып ал деп эркиндик берип койгон. ( тарбиясыздык кылса жазаланат) Эч ким кысмакка албайт, көңүл да бөлбөйт, алар өтө назик болгондуктан бооркерликке гана муктаж.
Бирок алардын ар бири өз үй бүлөсүнүн проблемасы, ошол үй бүлө психологко көрсөтүп, жашында көңүл бөлүп, гормондорун ченетип иретке алып келиш керек.
Биздегидей коомго чыгарып чуу салбаш керек.
Эркиндик менен тарбиясыздыктын ортосундагы аралыкты сезүүгө, аң сезимдин тереңдиги гана жооп берет.
Келесоо бир аттап өтөт, акылдуу эркиндикти баалап тандап тарбиясыздыкка аттап өтпөйт.
Эркиндикти жамынып тарбиясыздыкка аттап кетүү, Азатыкка бир секунд экен. Этият болгула, улуттук чалгын деп аталат, мындай нерселер.
Мисалы жыныстык орган биринчи далил, кызсыңбы же уулсуңбу. Көрүнүп турган нерсени четке кагуу психологиялык оору. Бирок ичтеги төрөлөр баланын Ү, Х хромосомдорун алмашып кетүүсүда өтө чоң проблема жаратат. Бул алмашуунунда өзүнүн себептери бар. Кызды кыздай, уулду уулдай тарбиялоо, границасын түшүнүүда өзүнчө чоң илим, бул нерседа ар бир ата эненин колунан келбейт экен 21- кылымда. Биринчи маселе иштин көптүгү, такыр бала тарбиялоодон алыстатат. Экинчи маселе чөйрөдөгү терс көрүнүштөр психологисы бошторду сүйрөп кетет өз балчыгына.
Эркекке эркек эрге тийип, аялга аял үйлөнгөндөрдү өз көзүм менен көргөм. Бирок эч качан алар жөнүндө чыгарма жазып, бир улуттун ар намысын козгоп, кинода тартпас элем.
Демократиянын мааниси ЛГБТ колдоо эмес, менин алтын улуу кыргыздарым.
Эркиндик менен тарбиясыздыкты аралаштырып кашасын чыгарбагыла. Күйгөндөн жаздым бир сабак.
Ошол эле Америкада Канадада, тарткан кинолорунда баатырлары ЛГБТ лар эмес. Улуу спортсмендер, терең билимдүүлөр, тарбиялуу мекенчилдер, акыйкатчыл инсандар.
Эмнеге азчылык трансгендер өлкөнү капташ керек, жекече тарбиялануунун оордуна, жекече дарыланып өз жыныстык органын өзү кабыл алып, ал органды жаратылыштын талабына жооп берчи жагына колдонуу керекго. Кыз болсо кыздай турмушка чыгып, уул болсо уулдай үйлөнүп.
Эч эле болбой баратса, ата эне ички ара түшүнүп, өздөрүнүн жараткан адашкан Ү, Х хромосомдорун изилдеп, мындан ары таркатпоого чара көрүш керек. Албетте чоң эле Азаттык мындай проблемаларды жайылтууга умтулса, ким сактап калат Ак Калпактуу Кыргыздын уулдарын, уул катары, саймалуу ак көйнөктүү кыздарын кыз катары?????????????.
Олжобай Шакир байкеге өтө урмат сый менен мамиле жасайм, алыстан таанысам да. Жекече адамдык сапатын жакшы деп билем.
Бирок Алик деген уулунун жаратылыштан алыстабай, кыз болуп жаралган соң, сулуу кыз Айчүрөк болуп өзгөрүшүн каалайм.
Кыздын Алик болушунан Айчүрөк болуп калыптанышы миллион раз маанилүү жана бийик жеңиш. Адам заты жаралгандан бери, эч ким жаратылышка каршы чыгалган эмес. Урматтуу улуу Кыргыздар кокустан жаратылыш адашкан болсо, бир гана себеп бар, адам саны үчүн күрөшпөй, сапаты үчүн күрөшсүн деген гана намек. Биз жер планетасынын эң аң сезимдүү наследниктерибиз.
Трансгендерлерге сабыр тилейм, силерди эч ким куугунтукка албагандан кийин, тынч өмүр сүргүлө. Мен мисалы бардык адамдарды сүйөм, аң сезимди гана чектебей жакшылык жакка умтулса, деп тилек кылам. Эч бириңи кемсинтпейм урматым сыйым менен Падышахан.
Россияда да бар мындайлар, бирок алар өздөрүн творчески реализовать этип, актер актриса болуп тынч жашап жүрүшөт. Көчөгө чыгып чардап кетүүгө болбойт, көпчүлүк жаратылыш адам затына белек кылган традицияны сыйлайт.
Терең урмат сыйым менен жаздым, каты тийсем алдын ала кечирим сурайм Олжобай Шакир байкеден.
Бирок улуу Кыргыз элинин келечеги баарыбыздан бийик. Жакшылыктын үрөнүн сееп кетүү, жакшы адамдын милдети. Улуу элдин урпагын сактоодо Орто Азия элдерине жаман көрүнүүнүн кереги барбы? Кино тартып, чыгарма жазып трансгендер жөнүндө. Келечектеги жаш балдардын жаш ата энелердин аң сезимине чалгын салып????.
Ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт дешиңер да мүмкүн, бирок трансгендерлердин жаралышынын себеби менен күрөшсөңөр ошол актуалдуу»-деп жазат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *