Коом

Мени кечир: 7 жыл зарлап жүрүп уулдуу болдук, бирок ойноштуктан жоготтум

Кабыл менен Адинай (каармандардын ысымдары өзгөртүлдү) 5 жыл боюн кыз-жигит болуп сүйүү баянын куруп, баш кошушкан. Бирок, балалуу боло албай жүрүшүп арадан 7 жылды чогуу өткөрүшкөн. Көрүнбөгөн доктуру, барбаган мазары калбай, бактыга жараша 7 жылдан соң наристе жытын искешет. Тилекке каршы, пенделик менен жасалган 7 жылдык сабырдуулукту бир көз ирмем көккө сапырып, жылуу үйдөн кутту жула качкан. Эмесе окуя каармандын (Кабылдын) баяндамасында болсун.

«Аялым менен беш жыл сүйлөшуп жүрүп баш коштук. Бирок балалуу боло албай жүрдүк. Барбаган жерибиз, көрүнбөгөн доктурубуз калган жок. Акыры мазар кезип жүрүп уулду болдук.

Жети жыл дегенде наристе жытын искедик.

Бул биз үчүн бакыттын кушу кошуну болду. Аялым уулум менен беш жыл үйдө отурду. Уулума шүгүр кылып баарына чыдап жашадык. Ошентип уулум бешке чыкканда бизге тез эле байлык келе баштады. Үйлүү болдук, унаадан унаа алмаштырып айдадым. Аялым болсо «жалгыз үйдө отура бербейин» деп иштей баштады. Айтор, жашоом жакшы нукта кетип жатты.

Ошондой күндөрдүн биринде унаада уулумду салып кетип бара жаткам. Орто жолдо жаш кыз менен жакын болуп алган элем. Аны менден башка эч ким билчү эмес. Ал да эки күн мурун кош бойлуу экенин айтып, бирок мен аларды кабыл ала албасымды түшүнгөндө алдыртмак болгон.

Ал мага ошол убакта чалып калды. Уулуман жашырып ага вотцаптан кат жазып келе жаткам. Бир кезде унаамдын рулу колуман чыгып кетип, каршылаш келе жаткан камаздын астына кирип кеттим. калганын билбейм. Көзүмдү ачсам ооруканада жатыптырмын. Колум сынып, бутум чыгып кетиптир. Бети-башым таза бойдон экен.

Аялым кашымда отурат.  Көздөрү кызарып кеткен. Уулумду сурасам «эч нерсе сурабай тур» деп койду. Мен уулум да ооруканада жатса керек деп ойлодум. Аялым күндө келет, бирок көпкө турбай кетип калат. Ошентип эки ай дегенде үйгө чыгып келдим. Үйдө жылуулук жок.  Аялым болсо муздак көз-караш менен карады да чыгып кетти. Карындашым жанымда калды. Көрсө жол кырсыгына кабылганда уулумду камаз басып калыптыр. Мен болсо ачык терезеден чыгып кетиптирмин. Ал эми менин телефонумду милиция кызматкери аялыма бериптир. Жубайым андагы баардык каттарды окуптур, кийин жолдон аялыма жолугуп калсам мага айткан акыркы сөзү ушул болду.

“Сен кудайдан сурап алган уулунду күнөө кылып күнөөсүз кызды күнөөгө батырып, анын наристесин өлтүрткөңүң үчүн бердиң. Уулум сенин күңөөң үчүн учуп кетти, кечире албайм” — деп жүзүн буруп кетти.

Мен ошол күнү унаада бара жатып телефонго алаксыбаганда уулум аман калат беле? Эмнеге уулумдун коопсуздугунан да башканы жогору койдум. Ушинтип өзүмдү-өзүм күнөөлөп келгениме он жыл болду. Уулум аман болгондо окууну бүтүп, жанымда жардамчым болбойт беле? Аттиң…», — дейт баш каарман.

Анын ичинде аялынан, таштап кеткен уулунан, жаңы гана түйүлдүккө айланган ымыркайынан кечирим суроо талабы күчөп турганы менен азыр алардын бири дагы жок. Балким «Мени кечир», — деп жалынган болсо көкүрөгү бошоп, жеңилдеп калмак беле. Өкүнүч адамды ичтен жеп, жок кылат. Балким, бул макаладан соң жубайы, ойноштук кылган жаш кыз жек көрүүдөн кечиримдүүлүккө умтулат…

7TV.KG

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *