Майып кызымды балдар үйүнө таштайм кандай документер керек?
09-баш оона, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваТагдыр мага эмнеге мынча сыноо берип жатат билбейм. Он жылдан бери тирүүнүн өлүгү болуп жашап келем. Турмушка чыгып бир жылдан кийин кыздуу болдум. Кызым тубаса майып болуп төрөлдү. Ушундан тартып кайненембизге майып бала төрөгөн келиндин кереги жок деп көп айтат. Кызымды карап кээде үй жумуштарына толук жетише албай калам. Мындайда кайненем : “тирүү эмес, өлүк эмес баласын карап эле отурат, үй оокатты мен жасачудай болуп ”-деп бир топ сөз айтат. Эки жолу ажырашып кетип кетип кайра келдим. Бирок кайненемдин өз небересине болгон жек көрүүсү токтогон жок. Бир ай мурун дагы үйдө уруш чыгып кызымды алып төркүнүмө келгем. Апам болбогондон кийин өгөй апага деле батпайсың. Кызымды майыптар үйунө таштап, иштеп келсемби деген ой да жок эмес. Жок дегенде үстүмө жер кепе болсо да алып алсам дегенде эки көзүм төрт. Кыргызстанда майып балдарга жардамдар жокко эсе кызымдын пенсиясы бизге үп-чап жетет. Ушундай майып балдарды жакшы караган мекемелер болсо деп жатам. Эмне документтерди даярдайм.