Саясат

Курсан Асановдун аудиожазуусу монтаждалганы аныкталды

Социалдык тармактарда бийликти басып алуу тууралуу жазылган аудиожазуу жасалма болуп чыкты. Бул тууралуу адвокат Чынара Жакупбекованын билдирди.
Анын айтымында, Москва менен Алматыдан келген эксперттер ушундай тыянакка келишкен.
«Биз эки көз карандысыз экспертизаны демилгеледик. Эксперттер ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асанов бийликти басып алуу жөнүндө айтып жатат делген жазуу монтаждалганын аныкташты”, — деди Чынара Жакупбекова.
Эске сала кетсек, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов жана АКА АК ЗАО “Толубайдын” директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалган. Бул ишке мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен депутат Жанар Акаевдин да тиешеси бар экени айтылган. Буга социалдык тармакта тараган Курсан Асанов Алмаз Сарыбаевдин болжолдуу сүйлөшүүсүнүн аудиожазуусу негиз болгон. Учурда Курсан Асанов 50-СИЗОго, Алмаз Сарыбаев Бишкектеги 1-СИЗОго кармалууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *