Күйөөм мурун бойдок кезимде жигитим менен түшкөн сүрөттү таап алып 3 талак берип салды…

Күйөөм мурун бойдок кезимде жигитим менен түшкөн сүрөттү таап алып 3 талак берип салды…

11-теке, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Саламатсызбы чыгарып беринизчи суранам менин катымды дагы. Азыр аябай оор абалда турамя Мени түшүнгөн адам барбы? Кечээ жакында эле күйөөм менен ажыраштык, ичимде 5айлык бала менен калдым…. Аябай жаман болуп шок болуп турам ажырашканыма ишенбей. Мени күйөөм аябай жаман абалда калтырды. Мага чейин ким менен сүйлөштүң эле деп сураганынан эч ким менен сүйлөшкөн эмесмин деп алдап койгон элем. Ошону кечээ жакында тааныштардан угуп билип калып сен баланча бала менен сүйлөшкөн экенсин чогуу сүрөттөрүнөрдү да таптым, мени алдадын деп жообумду берип салды 3талак деп. Өзүмдү өзүм жеп отурам сүйлөшпөй өлөйүн деп ал сүрөттөрдү ата-энесине да жөнөтүп мына аялым ушинтип сүйлөшүп жүргөн экен мага чейин жалап кызды алыпмын деп аябай уят кылды. Менин туугандарыма өзүнүн туугандарына дагы. Кыз маалында ошентип сүйлөшүп сүрөткө түшөт экенсин да баары эле сүйлөшкөн болуш керек бойдокчулукта… Ажырашып калам деп эч ойлобопмун ким ажырашуу стрессинен Кантип чыкты эле ?Менин жан дүйнөм ооруп турат аябай.