«Эмнени издесең, ошону табасың». Бек Борбиев Тик Токту жабуу тууралуу пикирин билдирди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бул тууралуу ырчы Бек Борбиев да өз пикирин социалдык баракчасына жазды.

«Тик Ток бул Фейсбук, Инстаграмга окшогон эле тиркеме. Жакшы жагынан колдонуп, сабак отуп, ыр окуп, ырдап, диний сабат жоюп аткандар абдан көп. Ооба, акылдуу приложение, эмнени көп көрсөң, ошого окшош маалыматтар көрүнө баштайт. Жаман негатив көргүң келсе алар дагы уламдан-улам чыга баштайт. Жашоодогудай эле, эмнени издесең, ошону табасың.

Андыктан кеп тиркемеде эмес, биздин башыбызда.

Жабабыз десеңер анда жалпы интернетти жапкыла. Анткени «жаман» нерсени ар бир тиркемеден тапса болот», — деп жазды Борбиев.

Аргумент.kg