«Арзудагы» өрттүн себеби: үйлөнүү тою болуп жатканда газ баллон жарылып кеткен.

Күйүп баштаган учурда имараттын ичинде эл көп болгондугу айтылууда.

 » Арзу» кафесинин кызматкери өрттүн эмнеден чыккандыгын Sputnik Кыргызстандын кабарчысына айтып берди.

Кырсык тууралуу саат 21.09да маалым болгон.

Кызматкердин айтымына караганда, алгач ашканадан учкун чыгып, андан соң газ баллон жарылган.

«Ал учурда кафеде үйлөнүү тою жана дагы бир нече майда иш-чаралар өтүп жаткан. Ичинде эл толтура болчу. Өрт башталганда элди сыртка алып чыктык. Жабыркаган киши болгон жок», — деген ал.

Алоолонгон жалын, тегеректеген эл. Бишкекте “Арзу” кафеси өрттөнүп жаткан видео

ӨКМдин маалыматына караганда, кырсык болгон жерде өрт өчүрүүчү алты унаа иштеп жатат. Тилсиз жоо тууралуу кабар саат 21.09да түшкөн. Алдын ала маалыматтарга караганда жабырлангандар жок. 

БУЛАК: sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу