Көмүскө жүрүп көп ишти жайлаган жемкор

Темир Сариевдин премьер-министр болуп турганда Кумтөрдүн адвокаты болгондугу, анын кылмыштуу иштеринин бир гана чекеси. Мындан мурунку мезгилдерге жакшылап саресеп сала турган болсок анын ондогон а балким жүздөгөн күмөндүү иштерине күбө болобуз. Шайлоодо Текебаевди, андан кийинчерээк Мадумаровду башпаанек кылып, буластаган куйругун кантип кырктырбай калуунун амалын кылып жүрөт. Анткени бул бийлик Текебаев, Сариев, Мадумаров өңдүү алчы таасын жеп, кызыл тилин тилин сайратып жазасын албай көмүскөдө калган жүргөн жемкорлорду аябастыгын, аларга алданбастыгын жакшы билет.

Ал өкмөт башчы болуп турган кезде Балыкчы-Корумду автожолу башталып, ага тендерде кытай компаниясынын утуп чыгышына чоң себепкер болгон мына ушул Темир Аргенбаевич Сариев. Анан ошол жол бүтсө канаке эле. Бүтмөк турсун жол сапатсыз, энсиз курулуп, атүгүл бөлүнгөн каражат кумга сиңген суудай жок болуп жол бүтпөй калды. Көрүнгөн жерде казылган аң, айланма баткак жолго айланды.
Ал ошентип калды. Андан соң Аксыданы телебашня турган Уңкүр Тоонун эч себепсиз Өзбекстанга берилиши тууралу документке Өкмөт башчы Сариевдин колу коюлуп, макулдугу берилген имиш деген каңшаар кеп да бекеринен эместир. Аксы элинин түп көтөрүлүп согушууга чейин барабыз деген каршылыгынан улам анын акыры да бүдөмүк калды.
Бул Сариевдин кылган кылыгынын үч гана фактысы.

Эл арасында Сариевдин эбегейсиз байлыгы тууралуу көөп сөздөр бар. Камчыбек Жолдошбаев да анын үйүн жана байлыгын тамшануу менен кеп кылат дешет. Анча байлык кайдан? Ал эл уулу болсо, ак иштесе анан кантип мындай байлыктын ээси болот. Анан өзүн “Чындык кж” сыяктуу сайттарга акчадан абыдан берип мактатып да алат. Айтор камалганы туура. Эми аны толук иликтеп күнөөсүн мойнуна коюп, жазасын берет деген үмүттөбүз.

Автор Сайракан Салиева

Add your comment

Your email address will not be published.