Айдана Деканын үстүнөн арыз түштү
04-аяк оона, 2020-ж // // Айпери ОсмоналиеваБишкек шаарынын тургуну ырчы Айдана Деканын бий студиясынын кылган иштерине нааразы болуп арыз жазды. Анда, ырчы кыз бий студиясына бийге кызыккан жаш балдарды жана алардын ата-энесин чогулткан. Учурда коронавирус илдети күч алуу коркунучунда турганда массалык түрдө адамдарды чогултуп жатканын айтып чыккан.
“Коронавирус илдеттин кайрадан күч алып кетүү коркунучу болгондуктан, мектептерге окуучулардын көп чогулуусу коопту деп аралыктан окутууга аргасыз болуп жатканда кээ бирөөлөр көп сандагы жаш балдарды бий студияларына чогултуп алышкан”,- деп эрежени сактабай өз билгенин кылганы ырчынын кылыгына нааразы экенин ачыктаган.