Солтон-Сары кенин кытайлыктардын иштетүүсүнө каршыбыз! Нарын эли жыйын курууда

Алтын кенди иштетүү үчүн Кытайдын Zhong Ji Mining компаниясы лицензия алган.

Нарын облусунун Миң-Булак айылынын тургундары Солтон-Сары алтын кенине байланыштуу жыйын өткөрүүдө. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине жергиликтүү тургун Саламат Зарылдык уулу билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү калк кытайлыктардын кенди иштетүүсүнө каршы болууда.

Нарын облусунун Миң-Булак айылынын тургундары Солтон-Сары алтын кенине байланыштуу жыйын өткөрүүдө.

Собрание сельчан Мин-Булак против месторождения Солтон-Сары

Нарын облусунун Миң-Булак айылынын тургундары Солтон-Сары алтын кенине байланыштуу жыйын өткөрүүдө.

«Тообуз тоо бойдон, жайытыбыз жайыт бойдон калышын талап кылып жатабыз. Комбинат салууга өкмөт уруксат бериптир, кагазы бар экен. Ошол документтерди жокко чыгартуу үчүн жыйынга чогулдук. Бул алтын кенди иштетүү үчүн Кытайдын Zhong Ji Mining компаниясы лицензия алыптыр. Азыр жолун сала башташты, эмдиги жылы комбинат курулат деп жатышат. Бирок жергиликтүү тургундар аны курдурууга жол бербейбиз», — деди Зарылдык уулу.

Нарын районунун акими Семетей Черикбаев маалыматты тастыктап, жергиликтүү эл менен өзү баш болуп айыл өкмөт башчысы, кытай компаниясынын юристтери жолугуп жыйын өткөрүп жатканын кошумчалады.

Солтон-Сары кени Нарын облусундагы Капка-Таш тоосунун түндүк капталында жайгашып, деңиз деңгээлинен 3500-3600 метр бийиктикте жайгашкан. Алтын кен «Кыргызалтын» ААКсына карайт.

Булак: Спутник 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу