Өнөктөшүнүн пансионатын тартып алган. ИИМ кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады

Шектүүнү колго түшүрүү учурунда ал баасы болжол менен 100 000 долларлык, быйыл чыккан Lexus LX 570 жолтандабасы менен жүргөн.

Кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган адамга бизнестеги өнөктөшүнүн ири суммадагы акчасын алдап кеткен деген шек менен кылмыш иши козголду. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Сотрудники Управления по борьбе с организованной преступностью МВД задержали члена организованной преступной группировки, подозреваемого в мошенничестве Кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган адамга бизнестеги өнөктөшүнүн ири суммадагы акчасын алдап кеткен деген шек менен кылмыш иши козголду

Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын маалыматына караганда, 2018-жылдын күз айларында арыз түшкөн. Милицияга кайрылган адам шектүү анын ишенимине кирип, алдап, убада берип жана коркутуп-үркүтүп пансионатын алып алгандыгын жазган. Маалыматта пансионат Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкандыгы, жалпы аянты 6280 чарчы метр, баасы болжол менен 350 000 доллар экендиги айтылган.

Задержание члена организованной преступной группировки, подозреваемого в мошенничестве Текшерүүнүн жүрүшүндө даттанган адам менен шектүү С.М. биргелешип бизнес жүргүзүү боюнча сүйлөшүп, мындан сегиз жыл мурда экинчи кишиден ишкерликке бир нече автоунаа, акча алып салгандыгы белгилүү болду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө даттанган адам менен шектүү С.М. биргелешип бизнес жүргүзүү боюнча сүйлөшүп, мындан сегиз жыл мурда экинчи кишиден ишкерликке бир нече автоунаа, акча алып салгандыгы белгилүү болду. Анын жалпы суммасы 60 000 долларды түзгөн.

«Эки жылдан соң С.М. өнөктөшүнөн берген акчаны кайтарууну талап кыла баштаганда ишкер күрөө катары Ысык-Көлдөгү пансионатына ишеним кат жазып берген. Кийинчерээк С.М. өз кызыкчылыгын көздөп, пансионаттын документтерин өзүнүн жакын тууганына каттатып алган», — деп айтылат маалыматта.

2016-жылы ишкер карызынан кутулуу үчүн ага 125 000 долларлык батирин берет. Бирок С.М. 168 чарчы метрлик батирди өнгөн карызы катары алган соң сатып жиберет. Ал эми мурдагы келишимди бузуп, пансионатты дагы башка адамга соодалаганга жетишкен. Бул кадамы менен ал ишкерди 350 000 доллар чыгымга учураткан.ИИМдин 3-башкармалыгынын кызматкерлеринин аракетинин аркасында алдамчылыкка шектелген киши кармалды. Аны колго түшүрүү учурунда баасы болжол менен 100 000 долларлык, быйыл чыккан Lexus LX 570 автоунаасы менен жүргөн. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин («Алдамчылык») негизинде иш козголгон.

«45 жаштагы С.М. буга чейин Кылмыш кодексинин («Опуза талап») беренеси менен айыпталып, кесилген. Криминалдык чөйрөдө «положенец» макамы бар. Оор кылмышы үчүн 30 жылга эркинен ажыратылган криминалдык аталыктын жакын тууганы болуп саналат», — деп билдиришти ИИМден.

Учурда ИИМ менен УКМК биргелешип кармалган кишинин башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун иликтеп жатат.

Булак: Спутник 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу