Кыргызстандын мурдагы башпрокурору: Үй чындыгында меники, бирок анын баасы анча эмес (сүрөт)

Азимбек Бекназаров өзүнө таандык үйдүн, автоунаалардын, жер тилкелеринин жана кафенин сүрөттөрүнө комментарий берди

Мурдагы башпрокурор Азимбек Бекназаровго тийешелүү делген үч автоунаанын, Бишкектеги олчойгон үйдүн, «Ата-Түрк» эс алуу багындагы эки жер тилкесинин жана борбор калаадагы кафенин сүрөтү бүгүн фейсбук соцтармагындагы «Коррупционер KG» тобунда элге шардана кылынды.

Бекназаровго тийешелүү Жумушчулар шаарчасында жайгашкан баасы 200 миң доллардан ашкан эки кабаттуу үй бар экендигин билдиришкен.

Андан сырткары, ал чыгарылышта мурдагы башпрокурорго тийешелүү «Toyota Ipsum», «WV Toureg» и «Lexus GX 470» маркаларындагы жалпы баасы 115 миң долларга барабар болгон автоунаалры бар.

Азимбек Бекназаров «Нур-Суфра» деген кафенин да ээси экендиги белгиленет.
Ал ортодо Vesti.kg сайты Азимбек Бекназаровдун өзү менен байланышка чыгып, эсептелген мүлктөр чындап эле сизге таандыкпы деген суроо узатты.

— Үй чындыгында меники, — деп тактады Азимбек анаркулович. — Бирок анын баасы анча эмес. Баасы ошончо болуп калса мен кубанат элем. Бир нече жыл мурун 12- кичи райондогу батириме алмаштырып алгам жана өзүм кошумчалап кургам. Ал эми «Lexus GX 470» автоунаасы болсо үч жыл мурда сатылып кеткен, азыр жок. Калаган автоунаалар мага тийешелүү эмес. Эгерде ким ошолордун меники экенин далилдеп берсе, анда мен ал мүлкүмдү ошого өткөрүп берем.

 

Зулайка Эркимбаева

Булак: Vesti.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу