Командировкага кетсем, апам аялымды кууп жибериптир. Бир жигиттин баяны…

Редакциябызга келип түшкөн бул жигиттин катында апасы менен келинчеги тил табыша албай жүргөнү айтылат.

Келинине өз колу менен жоолук салган жок

Саламатсыңбы bilesinbi.kg! Аз да болсо жеңилдеп калаармын деген ниет менен, силерге өз окуямды айтып бергим келди.

27 жаштамын. Үч бир тууганбыз, үйдүн жалгыз уулумун. Шаардагы жеке фирмалардын биринде иштейм.

Атам каза болгондон кийин апам турмушка чыккан жок. Чынын айтайын, апамдын мүнөзү чорт. Анысынын айынын башка бирөөлөрдү бери кой, туугандар менен катташпайбыз.

25 жашымда үйлөндүм. Келинчегимди үйгө алып келсем сүйүнгөн жок, жоолукту да өз колу менен салбай, кошуна эжеге карматып койду. Апамдан муну күткөн эмесмин…

Тамдын аркасында ыйлап отуруптур

Аялым жоош, байкушум апамдын кылыктарына жакшы эле чыдады. Бир күнү жумуштан эрте келсем, тамдын аркасында ыйлап отуруптур. Эмне болгонун сурасам, “өзүнчө эле жашайлычы”,- деди. Эртеси командировкага кетмекмин, келгенден кийин бөлүнөлү дедим.

Бир жумадан кийин үйгө келсем келинчегим жок. Апаман кайда экенин сурасам, “Сен кеткенден бери үйгө турбай калды, түндө бир машина менен келет. Катуу урушуп койсом, таарынып кетип калды”,-деди.

Телефонуна чалсам өчүк. Үйүнө бардым. Келинчегим чыкты. Көрсө, мен кеткенден кийин апам, “биринчи аялына кетти, ал жакта баласы бар, жакшы эме болчу, сени жолуктургандан кийин ажырашып кетишпедиби”,-деп айтыптыр. Албетте, келинчегим ишенген эмес. Эртеси, “балам келгенче чыгып эле кеткениң жакшы”,- деп өз колу менен кийимдерин салыштырып бериптир.

Экөөбүз үйгө бардык. Баары чын болуп чыкты. Бөлүнө турганымды айтсам, “мындан ары уулум эмессиң”,-деп ары карап басып кетти.

Небериси жөнүндө сурабайт

Учурда өзүнчө жашайбыз. Бир уулубуз бар. Ишенесизби, балам төрөлгөндө апам басып да келген жок, акыбалын билейин деп үйгө барсам, небереси жөнүндө бир ооз сурабайт. Кокус, аялым менен барчу болсом, терезеден көрүп эшикти ачпайт. Келиниңиз берди деп белек берсем, “алып кет”,- деп урушат.

Апамды жакшы көрөм, мүнөзүнө көнүп деле калдым. Болгону уулум чоңоюп, чоң апасы жөнүндө сураса эмне деп айтам деп ойлоном.

Азыр эжем үй-бүлөсү менен апамдын жанында. Күйөө баласын, алардын балдарын жакшы көрүп, бөпөлөп турат. Кызык…

БУЛАК:bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу