ДомойСаясатАлбек Ибраимов качып кетти. Бишкек шаардык кеңеши эртеңге кезексиз сессия чакырып жатат.

Албек Ибраимов качып кетти. Бишкек шаардык кеңеши эртеңге кезексиз сессия чакырып жатат.

Бүгүн, 12-июлдун таңынан тартып коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголгон Бишкек шаарынын мэри, Алмаз Атамбаевдин оң колу Албек Ибраимов өлкөдөн качып кеткени айтылууда.
Бишке мэриясынын өкүлү Чынара Усупбаева менен байланышканыбызда ал Албек Ибраимов 10-июлдан тартып эмгек эргүүсүнө чыкканын билдирип, андан ары кеңири маалымат берген жок.
Ал аңгыча Бишкек шаардык кеңеши “күтүүсүз түзүлгөн абалга байланыштуу” эртеңге, 13-июлга кезексиз сессия чакырып жатканын кабарлады. “Түзүлгөн абалга байланыштуу кезексиз сессия деген – бул мэр Албек Ибраимовдун өлкөдөн качышына байланыштуу дегенди түшүндүрбөйбү?” деген сурообузга шаардык кеңештен “Кезексиз сессиянын күн тартибин эртең сессиянын алдында депутаттар өздөрү бекитишет. Ошондуктан өзүңүздөр келип күбө болуңуздар. Баары болушу мүмкүн…” деп кыйыта жооп беришти.
Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда