Канат Исаевдин чоң атасы тууралуу жашыруун материал ачыкка чыкты

Шайлоо алдында Президентикке талапкерлердин тарапташтары бири –бирине уу чачып, каралап, кээде катылуу жаткан документтерди алардын уруксаты жок интернет тармагына жарыялап жатат. Бул жолу президенттикке талапкер Канат Исаевдин чон атасы тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтар тарады. Бул тууралуу Канат Кедейканович үн катып чындыкты айтат деген ишенимдебиз.

Фейсбук баракчасынын колдонуучусу Руслан Саматовдун макаласын өзгөртүүсүз берүүнү туура көрдүк.

Чоң атасы чыккынчы, өзү коррупционер

Канат Исаев бирөөнү Кытайдын чыккынчысы, аны УКМК текшериш керек, шайлоону дагы эки жума узартуу керек дегендин ордуна оозун басып жөн отурса дурус болмок. Анткени анын ата бабасы басып өткөн жол, өзүнүн кылган иштери ага такыр эле жол бербейт экен. Анда эмесе төмөндөгү маалыматтарга назар бурсаңар.

Турумбеков Иса деген «Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаевдин чоң атасы, 1942-жылы мекенге чыккынчылык кылгандыгы үчүн аскер трибуналында соттолгон. Бул маалымат көп жылдар бою “Жашыруун” деген гриф менен сакталган, бирок 2008-жылы 8-майда чыккан РФ Коргоо министринин 181 номерлүү 1941-1945 Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарындагы Кызыл Армиянын жана Аскер Деңиз Флотунун архивдик документтерине ачыктоо үчүн кирүү эркин болуп калды.

Архивдик документтерден Турумбеков Иса РФ КК 193 – 12 “в” беренеси менен соттолгон. Ал берене оордугу боюнча мамлекеттик же аскердик сырды душман тарапка сатканга, баканооздукка, аскерден качканга барабар.

Өкүмдө Иса Турумбеков 1942-жылы 1-сентябрда аскер кызматынын оордугуна чыдабай согуш фронтунун сызыгынан алыс эмес жерде кароолдо туруп оң колуна өзү атып алган. Канат Исаевдин чоң атасы он жылга эркинен ажыратылган, ал эми бул болсо 1926-жылкы РСФСР Кылмыш кодексиндеги эң жумшак жаза болчу. Аларды төмөндө келтире кетели:

193 12. а) Өз денесине өзү кандайдыр бир жаракат келтирүү менен аскерге кызмат кылуудан качуу, документтерди жашыруу же алдоо үчүн беш жылга эркинен ажыратылат.

в) Ошол эле кылмыш согуш учурунда же аскердик абалда кылынса жаза катуулугу мүлкү конфискация болуу менен бирге атууга өкүм болот [20-октябрь 1934-жыл (СУ № 39, ст.237).

Исаевдер чоң аталары тууралуу бардык жагымсыз документтерди тазалап жок кылынганы жашыруун деле эмес, бирок алар бардык архивдик документтерди жок кыла алышкан эмес. Анын чоң атасы коркок жана саткын болгон, ал эми тарых кандай жазылса ошондой бойдон кала берет.

Согуш маалындагы күбө боло турган документтердин аркасы менен биз Канат Исаевдин чоң атасы 1905-жылы Чүй районунун Бурана деген айылында туулгандыгын билдик. Аскерге чакырылган дареги: Кыргыз ССР, Чүй РВК. Аскердик наамы – кызыл армиячы. Акыркы кызмат өтөгөн жери: 170-полк, 158-аткычтар дивизиясы. Кызыл Армиянын катарынан чыккан датасы – 30.09.1942-ж. Юргенсондун жетекчилиги астында Согуш Трибуналында соттолгон. Маалымат булактары: Коргоо Министрлигинин Борбордук архиви.

Источник информации: Центральный архив Министерства Обороны. Маалымат булагынын жазуусу: 818883. Маалымат булагынын делосу: 769

Эске сала кетсек: 58-аткычтар дивизиясы 1941-жылы Мелекессте уюшулган (Токтом ГКО №935 22.11.1941). 1942-жылы апрелде Калуга областындагы фронтко жөнөтүлгөн. Бул аткычтар дивизиясы Калуганы бошоткон соң Смоленскини, Киевди Вольнскини, Львов областын бошотуп, Корсун-Шевченко операциясына катышкан. СССРдин Жогорку Советинин Президиумунун жарлыгы менен 1944-жылы немис баскынчылары менен болгон салгылашууда тапшырманы жакшы аткаргандыгы үчүн Кызыл Туу Ордени менен сыйланат бул дивизия.

Бирок Канат Исаевдин чоң атасы ал Улуу Ата Мекендик согуштагы баатырлардын катарында жок жана болбойт дагы. Анткени ал соттолгон саткындардын катарында болгон жана акталган эмес.

Белгилей кетели, Канат Исаевдин өзүн да ири мамлекеттик коррупционер катары чыккынчы деп эсептесек да болот. Анткени ал биринчи болуп өлкөө китепканаларды жок кылууга уруксат берген, муниципалдык жерди жана имаратты саткан. Ал кезде ал Токмокто мэр болуп турган эле.

Чоң атасынын күнөөсү үчүн небереси жооп бербейт дегилечи, бирок генетика деген генетика экен да. Коркоктуктун жана саткынчылыктын гени укумдан тукумга берилүүчү биологиялык касиет эмеспи.

Адегенде Канат Исаев Бабановду сатты, анан Сариевди, анан кайра Бабановду. Ал бардык моралдык принциптерден кур жалак калган адам өңдүү примердин отставкасы үчүн торпедо болуп кызмат кылды. Эгерде азыр совет доору болгондо анын үй бүлөсү кадрдык катуу саясаттын айынан эч кайсы мамлекеттик кызматка орношо алмак эмес. Анткени советтик кадр тандоочулар иттен ит, карышкырдан карышкыр туулаарын эң жакшы билишкен.

   


Сиздин пикир