Батмакан Жолболдуеванын Youtube-каналында жарыялаган видеосунун чоо-жайы

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

24-мартта Батмакан Жолболдуеванын Youtube-каналында облус башчысы Абдикарим Алимбаев, журналист Арзыгүл Галымбетова жана башка белгисиз кишилер Баткен шаарындагы тамактануучу жайлардын биринде отурган видео жарыяланган. Блогер аткаминер кечки убакытта кызматтык унаада жүргөнүнө нааразы болгон. Бирок Жолболдуева Алимбаев жана аны менен отургандардан комментарий алган эмес.

Көп өтпөй Жолболдуева бул боюнча Фейсбук барагында да пост жазган. Анда ал «түңкү көпөлөктөй Арзуу [Арзыгүл Галымбетова] “Акипресстен”, Баткендин губернатору Абдикарим Карбекович, Кызыл-Кыянын вице-мэри да толтура жетекчилер менен чайлашып отурат» деп жазган.

Ал эми Галымбетова Фейсбугунда түз эфирге чыгып, ошол күнү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чет өлкөлүк инвесторлор менен жолугушуу өткөрүп, ал котормочу болгонун айткан. Түз эфирде Жолболдуеванын туугандары Галымбетовадан арыз жазбоону өтүнүп, блогерди «туугандар чогулуп, тартипке келтиребиз» деп ишендирген.

Кармалган Батмакан Жолболдуева

Журналист Сайрагүл Дуулатова 24-мартта Баткен облусунун бийлик өкүлдөрү түркиялык инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн тактаган. Ошондой эле ал тамактануучу жайда тартылган сүрөттөрдү да тиркеген.

Галымбетова 37 жашта эле. Ал Баткен облусундагы жана кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларды байма-бай жеринен чагылдырып турчу. Өткөн жылдын апрелиндеги эң ири куралдуу жаңжалды да жеринен чагылдырган. Ошондой эле аталган облустагы аткезчилик боюнча да материалдарды даярдап келген.

Өзү Баткен шаарында төрөлгөн, Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика жана информатика факультетин аяктаган.

Ал «Эхо Манас» телерадиокомпаниясында эмгек жолун баштап, «Кыргызстан обондорунда» жана «КТР Обо» гезитинде иштеген.

Ал эми 2010-жылдан бери «Акипресс» маалымат агенттигинин Баткендеги өкүлү жана кабарчысы болуп эмгектенип келген.

Аргумент.kg